Ак-Талаа району боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январынан бери COVID-19 илдети менен бир бейтап, ал эми пневмония менен жабыркаган 57 бейтап айыгып чыккан. Ошондой эле COVID-19 илдети менен үй карантинде үч бейтап дарыланган.
Илдеттен сакайып чыккан жарандардын иммунитети төмөндөп, организмдеги функциялардын иштеши дагы төмөндөт. Ошол себептүү ар бир жаран режимдерди туура сактап, өз ден-соолугуна кам көрүүсү зарыл.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгери Айсалкын Саламатованын айтымында илдеттен соң организмди кайра калыбына келтирүү үчүн эң биринчи бейтап туура тамактануусу зарыл.
“Тамак сиңимдүү жана жеңил, С витаминдерге бай азыктар, жер-жемиштер, айрыкча цитрус мөмөлөрү абдан пайдалуу. Ошондой эле куурулган, ачуу, туздуу тамактардан баш тартуу зарыл. Тамакты аз-аздан бирок бат-бат жеп туруш керек. Чеснок менен имбирь иммунитетти көтөрүүдө жардамы чоң”,- деди.
Ал эми үй-бүлөлүк дарыгер Майрам Токтомамбет кызы:
“Организм көп убакытта калыбына келет. Ошондуктан илдеттен соң оор жумуштарды жасаганга болбойт. Малга чөп салам, анан сугатка барам же курулуш иштеримди бүтүрөм деген болбойт. Режимди туура сактабаса иммунитети начарлаган организм кайра эле бир илдетке чалдыгуусу мүмкүн. Мындан сырткары, илдеттен айыккандан кийин деле канча бир убакытка карым-катышты, көпчүлүктө болууну токтото туруу зарыл”,- дейт.
Темага байланыштуу окуңуз:
Ооруну алдын алуу үчүн иммунитетти чыңдоо керек
Карылар санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылышат
Барчын Мамытбекова