Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алып жатат. Жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү менен биргеликте, вируска каршы иш аракеттери 25-июнда пландалып жаткан отурумда талкууланат.
Суусамыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын жоопту катчысы Гүлжамал Аскарова, айыл өкмөтүнүн COVID-19 вирусуна каршы иш аракеттери тууралуу маалымат берди:
“Айыл өкмөтүнүн башчысы жаңы бекигендигине байланыштуу, 25-июнда штабдын отуруму пландалып жатат. Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алып жаткандыгына байланыштуу, бул отурумда учурдагы абал талкууланып, иш- чаралар бекитилет.
Дарыгерлер COVID-19 вирусу менен катталган адамдар менен иш алып барып, чектөөлөр тууралуу маалымат берип, кол койдуруп алышат.
Учурда кызыл зонага Суусамыр, Тунук айылдары кирип жатат. Жергиликтүү тургундарга айыл башчылар тарабынанан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айылдык оорукана менен бат-баттан кабар алып зарыл чечүүчү маселелерди карап, жардам берип турабыз. Учурда 17-майдан баштап кайрадан оорулар аныкталып жаткандан тарта, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо боюнча мекеме жетекчилеринен талап кылып жатабыз.
Вируска чалдыккандар:
Суусамыр айылы 38 бейтап
Кожомкул айылы 9 бейтап
Тунук айылы 32 бейтап
Кызыл Ой айылы 3 бейтап
Кайсар айылы 2 бейтап
7-майдан 24-июнга чейинки көрсөткүч жалпы 86 бейтап
Биринчи толкунда Суусамыр айыл аймагына блок пост коюлуп, айылга кирип-чыкканарды көзөмөлгө алып турдук. Массалык иштерге чектөөлөр киргизилип, той, аш, куран айттыруу, юбилей өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Экинчи толкунда мектептер аралыктан окутууга өтүшкөн маалда колдоо көрсөтүп турдук.
Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы менен үн күчөткүч аркылуу айылдарды кыдырып маалыматтык түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Көчөлөрдү хлор менен дезинфеция кылдык.
Милиция, медкызматкерлер менен биргеликте рейддерди жүргүзүп, үйдө жатып ооруп калган адамадарды аныктадык. Аларга ооруканага барып, анализ тапшыруу боюнча түшүндүрмө бердик”.
Айдана Токтобекова