Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алып жатат. Жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү менен биргеликте, вируска каршы иш аракеттери 25-июнда пландалып жаткан отурумда талкууланат.
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин 7- чакырылышында 21 депутат шайланды. Булардын арасында 7 айым, улуу муун, орто муун жана жаштар дагы бар. Жергиликтүү кеңеш 1-отурумда регламент түзүп ишке кирише баштады.