Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.
Жаны окуу жылы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде салттуу режимде окутуу менен башталды. Бирок коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн бир катар санитардык нормалар сакталуусу зарыл.
Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмү тарабынан 2021-жылга карата бекитилген иш мерчемине ылайык жарандык коргонуу боюнча кезектеги машыгуу иштерин өткөрдү.
Бүгүн райондук маданият үйү жана Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин биргеликте уюштурган маданий иш-чара белгиленди.
Ак-Талаа районунда бюджеттик мекеме-ишканаларга жана элге 16 миң тоннага жакын көмүр керектелет. Мунун ичинен 3 миң тоннага чукул көмүр мекеме-ишканаларга, ал эми эл үчүн 13 миң тоннадан ашык тартылышы керек. …
Ак-Талаа районунда билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата даярдоо класстарына 1-августтан бери электрондук негизде каттоо жүрүп жатат. Азырынча канча жеткинчек кабыл алынганы тактала элек.
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди түз сатуу убактылуу токтотулду. Мындай чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттары кезексиз сессияда бир добуштан кабыл алышты.
Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болууга тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык жергиликтүү кеңештин бардык сессияларына катышууга укугу бар.
2021-жылдын 13-август күнүнөн тарта 22-августка чейин Башкырстандын Уфа шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмактагылар арасында күрөш боюнча атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип, Кыргызстандын капчыгына күмүш …
Ак-Талаа районунда учурда билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер санитардык кароо менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөдөн өткөн кызматкерлердин санитардык китепчесине ишке уруксат мөөрү басылат.
Дем алуу органдарын сезгенткен коронавирус менен Кыргызстан дагы башка өлкөлөрдөй эле эки жылдан бери күрөшүп келет. Былтыркы жылы аталган илдеттин белгилери жөтөл, жыт сезбей калуу, дене табынын көтөрүлүшү болсо, быйыл …
Коронавирус илдети өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн коркунучтуу. Анткени аларда илдетти жугузуп алса, оор өткөрүү ыктымалдыгы жана өмүр үчүн кооптуу жагы бар.
Баетов айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 5-отуруму өтүп, анда бир канча маселелер каралды. Алсак, таштанды төгүүчү полигон, шагыл, малдын өлүгүн таштоочу жай, мал базар, балык өстүрүүчү жер жок болгондуктан жайыт жерлерди …
Быйылкы жаңы окуу жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жана билим берүү кызматкерлерин эмдөөгө байланыштуу 15-сентябрда башталганы турат. Барчын Мамытбекова
«Күйөөм, ага кошулуп кайын энем да зомбулук көрсөтчү. Акыры жүрөк үшүткөн «ушундан көрө бул өлсүн же мен өлөйүн» деген ой пайда боло баштады». «Эрте нике» аталышындагы үй-бүлөдөгү зомбулукту, эрте никеге …
Коронавирустун адамга экинчи ирет жугушу коркунучтуу. Анткени, ал организмдеги бир канча органдарды талкалаган вирус. Азырынча айрым дарыгерлер илдетти экинчи жолу жукпайт деп эч ким 100% кепилдик бере албаганын айтышат.
Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, жашылча-жемиш, курулуш материалдары былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады.
Учурда өлкө аймагында жарандарды COVID-19 илдетине каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Ак-Талаа районунда дагы калкты эмдөөдөн өткөрүүчү алты эмдөө пункту ачылып, дем алышсыз иштеп жатат.
Учурда өлкө аймагында коронавирус илдетинин күч алып жаткандыгына байланыштуу Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында коомчулукка маалымдуулукту жеткирүү, ооруну алдын алуу максатында жөө жүрүш болду.