Ак-Талаа районундагы Баетов айылына бүгүнтөп баштап Кара-Кече көмүр кенинин көмүр отуну үч жарым миң сомдон сатыла баштады.
Буга чейин бюджеттик мекемелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр «Турук» көмүр кенинен тартылган көмүр отуну менен камсыз болушкан.
Тургундар кыш жакындап калганын тынчсыздануу менен айтышып, аталган көмүр кенинен тартылуучу көмүрдү күтүп жатышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кенде тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын, жакын арада бүтөрүн кабарлашкан менен жыйынтык чыккан жок.
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Асылбек Чотуровдун айтымында «Турук» кениндеги тазалоо иштери бир айга жакын убакта араң тазаланып бүтүшү мүмкүн.
«Бирок ал арада суук болуп, жаан жааса, жол жабылат. Негизи көмүрдү өйүздөгү (Көк-Жар, Жаңы-Талап, Кара-Ой, Кадыралы) айылдарга тартып жатканбыз. Эми бул жак дагы жабылып калса, айланып каттайбыз. Анда дагы кымбаттап кетет. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болсо азыр алып алыңыздар»,- дейт.
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев:
«Кечээ атайын түзүлгөн комиссия «Турук» көмүр кенинде барып келишти. Кенде абал оор. Айыл тургундары «Туруктун» көмүрүн алабыз дебей ала беришсе жакшы болот эле. Аталган кенде көмүр чыкпай да калышы мүмкүн»,- дейт.
Айыл өкмөт башчысы А.Абдылдаев Баетовго бүгүн 100 тн.жакын көмүр келгенин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова