Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Учурда үгүт иштери башталып, талапкерлер эл арасында жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугууга шайлоочулар массалык түрдө чогулбаганы менен илдет тарабайт же жукпайт деген кепилдик жок.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында өлкөдө бет кап режими алына элек.
«Талапкерлердин райондо ачылган штабдарына пандемияга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо, жолугушууларга элди массалык чогултпоо тууралуу каттар жиберилген. Чындыгында социалдык тармактардагы талапкерлердин жолугушууларынан алынган сүрөттөрдө санитардык талаптардын аткарылганын көргөн жокмун. Эгер алардын жолугушуулары жабык имаратта өтсө анда, бет сөзсүз тагынуусу керек. Эми муну ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн аткаруусу керек»,- деди.
Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан ЖКке талапкерлердин штабдары дагы ушул айылда көбүрөк ачылып, жолугушууга дагы айыл тургундары массалык турдө катышат.
Баетов айылынын тургуну Бекжан Карасартов:
«Талапкерлердин жолугушууларына алардын программасын угайын деп барып жатам. Анткени мен тандоо жасашым керек да. Чынын айтсам бет кап агынган деле жокмун. Анда-санда антисептик колдонпу коюп жатам. Албетте жолугушууларда санитардык эрежелерди сакташыбыз керек эле. Бирок пандемияны унутуп калгандайбыз. Былтыркы жүрөк үшүн алган күндөрдү эстен чыгардык. Эл жолугушууларга, иш-чараларга массалык турдө чогулбаганы менен эч кимде кепилдик жок да туурабы? Ден-соолук өзүбүзгө керек»,- дейт.
Барчын Мамытбекова