Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү. Өлкөнүн жарандары жер-жерлерде шайлоо тилкелерине келип добуш берүүдө. Айрым тилкелерде добуш берүүгө жарандар жигердүү катышса, айрым айыл аймактарда жай жүрүүдө.
Шайлоочулар добуш берүүгө катышууда
БШКнын Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиевдин маалыматына караганда Ак-Талаа районунда жалпы 24677 шайлоочу болсо, акыркы сааттарга бир мандаттуу талапкерлерге 27%, ал эми партиялык тизме боюнча добуш берүү 28% көрсөттү.
Баетов айылындагы №4090 шайлоо тилкесиндендеги 2170 шайлоочунун азыркы саатка 577и шайлоочу добуш берген.
Шайлоо тилкесинин төрайымы Бүбүайым Ногойбаеванын айтымында жарандардын добуш берүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Баетов айылындагы №4090 шайлоо тилкесинин төраймы Бүбүайым Ногоева (оңдон биринчи)
«Тизмеден аты-жөнү чыкпаган жарандарды комиссия тиешелүү мүчөлөрү БШКнын сайтынан карап, кайсы тилкеде экенин түшүндүрүп жатышат. Шайлоону таза өткөрүп алуу үчүн шарт гана түзүп бере алабыз. Комиссия өз иштерин так аткарып жатышат»,- дейт
Ал эми оператор Нарынбек Жээналиев бюллетень салынуучу урналар үчүн шайлоо тилкесинин температурасы нормалдуу экенин айтты.
Баетов айылындагы №4090 шайлоо тилкесинин оператору Нарынбек Жээналиев
«Негизи АСУ үзгүлтүксүз иштеши үчүн температура 18ден төмөн болбошу керек. Шайлоочулар бюллетенди урнага колу менен түртүп же тартып алса анда урнага түшпөй калып, кээде ыңгайсыздыкты жаратып жатат. Биз мындай учурда жардам берүүгө укугубуз жок. 1м алыстыкта туруп гана көзөмөлдө алабыз»,- дейт.
Шайлоочулардын дене табы текшерилип жатат
Шайлоо тилкелеринде шайлоочуларга бекер бет кап таратылып, антисептик менен дезинфекцияланууда
Шайлоо тилкесинде медицина кызматкерлери шайлоочулардын дене табын текшерип, бет кап таратып берүүдө.
Барчын Мамытбекова