Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн №7235, №7236 УШКда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо.
Кожогул Абдылдаев 84 жаштагы аксакал. Ал бүгүнкү шайлоо таза өтүп жатат деген ойдо:
«Мен Жал айылынын тургунумун. Бүгүнкү шайлоодо биз 90 депутатты шайлайбыз. Татыктуусун шайлайбыз деп келдим. Өзүм калааган талапкеримди шайлоо кагазында белгилеп, урнага салып үйүмө кетип баратам. Мурунку шайлоолорго караганда бүгүн шайлоо таза өтүүдө деген ойдомун. Ал эми өз добушун саткан жана сатып алган адамдарга көз карашым терс. Эгерде өз элин ойлобогон иштебеген депутаттар келсе, мамлекеттибизди алга жылышына зыянын тийгизет. Андыктан татыктуусун шайлайбыз! Мага чоң суммада акча берсе да, өз добушумду сатпаймын! Себеби, балдарыбыздын келечегине биздин берген добушубуз маанилүү», — деп өз оюн билдирди.
Сексенбаева Айканыш Сарбан айылынын тургуну —
«Мен бүгүнкү шайланган депутаттар эртеңки күнү артын салып кетип калбай элдин камын ойлоп, карамдуу болушса деген оюм. Биз азыр келип өз добушубузду берип шайладык. Байкашымча шайлоо таза жана тынч өтүүдө. Өз добушун саткан адамдарга оюм начар. Анча-мынча акча алып шайлагандан көрө келип өзү каалаган адамына добуш беруу жакшы болмок. Менин оюмча өзүм шайлаган кишим жакшы эле болуш керек», -деп ойлойм.
Кубатбек Дүйшөналиев, Жал айылынын тургуну:
«Мен бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоого келдим. Биздин аттуулдук парзыбыз келип шайлоо. Ар бир адамдын милдетти башкача айтканда. Шайлоонун баары таза өтөт. Ал эми өз добушун саткан адамдарга көз карашым начар, өз добушун сатпаш керек. Талапкерлерди карап, арасынан тандап, керектүү, билимдүү бир маселени чече ала турган жана алдыңкы талапкерлерди шайлап алышыбыз биз үчүн ошондой эле келечек муунга да абдан маанилүү»,- деди ал.
Күкүн Маймылова, ашпозчу:
«Мен Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын ашпозчусумун. Бүгүн биз мектептеги эки шайлоо участкалык комиссиясынын мүчөлөрүнө өз кесибибизге ылайык кам көрүп жатабыз. Эртеден кечке чейин иштеринде шарт түзүп комиссиянын төрагасы Шайыр эже жана Гүлазат эженин өтүнүчтөрү менен тамак даярдоодобуз. Комиссия мүчөлөрүнө, шайлоого келген элдерге жалпы эле кыргыз элиме тынчтык, токчулук каалайм», -деп билдирди.
Марлен Базаркулов