Санитардык- эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын коргонуу чараларын «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери айтып беришти.

Таалайбүбү Кучуева «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси:

«Бүгүнкү күнү мамлекетибиздин Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Орок айыл өкмөтүнүн №7236 шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетин аткаруудамын. Биздин дарыгерлер борборунун кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү максатында шайлоо ишине катышып жатышат. Жарандардын ден- соолугунун коопсуздугу үчүн элдерге маска жана ошондой эле антисептик менен колдорун тазалоодо өз жардамдарын көрсөтүүдө. Шайлоо өз нугунда өтүп жатат», — деп айтты.
Алмагүл Исраилова «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы:

«Шайлоого келгенимдин максаты, биринчиден азыркы COVID илдетинин коомчулукта тарап кетпешине дарыгер катары санитардык эрежелерди сактоо. Шайлоого келген адамдарга кам көрүүдө медициналык беткап, колдорун антисептик менен тазалоолорун сунуштап жана көзөмөлдөөдөмүн. Эгерде дене табында өзгөрүү болгон жана кан басымы көтөрүлүп кеткен комиссия мүчөлөрү кайрылса, ошондой эле, шайлоочулардын арасында ден- соолугуна карата жардам сурагандар болсо тез арада жардам көрсөтүүгө даярбыз», -дейт.
Айсулуу Султанова «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы:

«Бүгүнкү менин шайлоого келген кызматым элдин температурасын ченеп, медициналык маска менен камсыз кылып пандемиянын күчөп кетпешине алдын- ала дарыгер катары иш алып баруу. Ошону менен бирге жарандардын шайлоо учурунда саламаттык сактыгына кам көрүү»,- деп өз оюн билдирди.
Динара Султаналиева, Ууржан Молдокулов