Дүйнө жүзү COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралыкта аны дарылоо алгоритмдери бир канча ирет өзгөртүлдү. Дарыгерлер мезгил-мезгили менен ар кандай окутуулардан өткөрүлүп, чукул кырдаалда чечим …
Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Талаа райондук спорт бөлүмү бир катар спорттук иш-чараларды уюштурушту.
Ак-Талаа районунда пандемиялык кырдаалга карабай балдардын жалпы саламаттыгы жакшы. Дарыканаларда муктаждыкка жараша дары-дарымектер жетиштүү. Билим берүү мекемелеринде атайын медайымдар бөлүнүп, алар балдардын саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөп турушат.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата 11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кыз-келиндер арасында волейбол боюнча өтмө кубок жана аркан тартыш улуттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аны райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору уюштуруп, Баетов …
Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.
Ооганстандагы жарандык согушта советтик жоокерлер он жыл бою кан кечип, согушуп өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткарып келишкен. 1989-жылы 15-февралда советтик акыркы жоокер согуш майданынан чыгарылып кеткенине 33 жыл толду.
Бүгүн Ак-Талаа районунда Ооган согушунун ардагерлерине арналган эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.
Баетов айыл аймагында жалпы 1409 гектар жер бар болсо, мунун 173гектары мамлекеттин жери (ФПС) болуп саналат. Ошондой эле 96га кайрак жер болсо, калган 77 га суу баскан аянт. Мына ушул …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу Ооган согушунун аяктагынын 33 жылдыгына арналып, окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, эрдикти эскерүү, алардын Ата Мекен алдында …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында мекемелер аралык волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлүп, ага 14 команда катышты. Ал Советтик Армиянын Авган жергесинен чыгарылып кеткендигинин 33 жылдыгына арналды.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайыт иштери пандемиялык кырдаалга карабастан иш мерчемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Анткени жайыт иштери көпчүлүктүн катышуусу менен жасалбайт.
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын «Интернационал» көчөсүнүн тургундары көчөнүн аты алардын макулдугусуз жаңы коюлганына нааразы болушууда.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында кыргыздын улуттук ордо оюну боюнча район биринчилиги болуп өттү. Мелдешке район аймагындагы айылдардан командалар катышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү тасмага түшүрүштү.
Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан маданий, спорттук иш-чаралар райондук жана айылдык деңгээлде өтүп турат. Айыл өкмөт спорт тармагын өнүктүрүп, мелдештерге жана спортчуларга колдоо көрсөтүүнү негизги багыттарынын бири катары белгилейт.
Кыргызстанда 9,1 млн гектар жайыт жерлери бар. Анын ичинен 30 356гектар аянты Баетов айыл аймагына тиешелүү. Бул жайыттарга 15 миңге жакын майда жандык, 5 миңдин тегерегинде бодо мал жайлайт. Аталган …
Пандемиялык кырдаалга карабастан айыл тургундарына өз учурунда кат-кабар, ар кандай документтерди көрсөтүлгөн даректерге жиберүү почтальондун негизги жумушу. Кызматы калкты тейлөө болгондуктан иш учурунда атайын коргонуучу кийимдерди кийишип, бет кап тагынып …
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү. Өлкөнүн жарандары жер-жерлерде шайлоо тилкелерине келип добуш берүүдө. Айрым тилкелерде добуш берүүгө жарандар жигердүү катышса, айрым айыл аймактарда жай жүрүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Учурда үгүт иштери башталып, талапкерлер эл арасында жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугууга шайлоочулар массалык түрдө чогулбаганы менен илдет тарабайт же жукпайт деген кепилдик жок.