Кыргыз эли илгертен мал жандуу жана ар бир үйдө майда жандык менен бирге эле ири мүйүздүү мал багылат. Учурда мал короолордо туут башталып, төл маалы. Ал эми туут мезгилинде мал ээлери мал ылаңдарын, анын ичинен бруцеллезду жугузуп алган учурлар көп кездешет. Себеби тууттун жүрүшүндө адамдын колдору бруцеллездун козгогучтары (бруцеллалар) менен көбүрөөк байланышта болот.
Мирбек Токтобаев (ондо) Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору
Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору Мирбек Токтобаев:
«Бруцеллез менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк оорушат, себеби үй-чарбасында демейде туут маалында 10 жаштан жогорку эркектер алектенишет. Түйүлдүктүн тону, жатындагы суулар, кан, ылаңдаган жаныбарлардын жыныс органдары бруцеллездун сан жеткис козгогучтарын камтыйт жана алар кокус резина кол каптары болбосо колдогу майда жараттар жана сыйрыктар аркылуу адамдын денесине кирип кетет»,- дейт.
Бруцеллез чыккан сарайларда жугушсуздандыруу иштери санитардык талапка ылайык жүргүзүлүшү керек. Ал эми андай жайларга өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдар жүрүүгө болбойт.
Бруцеллезду козгогучтар
Бруцеллез жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. А эгер оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе, оорулунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жумушка жараксыз (инвалид) болуп калат. Ошол себептүү мал ээлери туут маалында этият болуулары керектигин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова