Нарын районуна Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 9-19-мартына чейин «Устат-шакирт» борборунун ыктыярчылары Табихат Русланова жана Гулина Калыгулова окуучуларга атайын бекер окууларды өтүп беришти.
Табихат жана Гулина Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасында 3-курста билим алышат.
Бул окууда окуучуларга кыздар Аида Эгембердиева менен биргеликте «Кербезим», «Кыялдануу», «Мектебим», «Селкинчек» күүлөрүн үйрөтө алышты.
Мектептин музыка сабагынын мугалими Аида Эгембердиева 2020-жылдан тартып «Устат-шакирт» борбору менен тыгыз байланышта иштеп келет.
«Биз аталган борбордун өкүлдөрү менен көптөгөн жолугушууларды уюштуруп, окуучуларга бекер окууларды тартуулап келебиз. Буга чейин да «Умтул» театрынан Ильгиз агай келип, форум-театрлары боюнча окуучуларга мастер класстар өткөрүлгөн.
Пандемия учурунда мугалимдер үчүн Zoom платформасында семинарлар өткөрүлүп жатты. Ал эми окуучулар үчүн окуулар бир аз токтоп калган. Себеби, комуз чертүүнү, ноталар менен иштөөнү, комуз күүлөгөндү үйрөнүү аралыктан окутуу мүмкүн эмес.
Былтыр салттуу окутуулар башталганда, борбордун жетекчиси Разия Сырдыбаевага окуучуларды окутуу боюнча кайрылуу жазганбыз. Быйыл ошол сунушубуз боюнча эки татынакай кыздарыбыз келип, 10 күндүк практикалык окууларды өткөрө алдык»,-дейт Аида Эгембердиева.
«»Устат-шакирт» борбору менен биздин университет 17 жылдан бери бирге иштеп келишет. Борбордо бизде окшогон ыктыярчылар абдан көп. Кыргызстандын баардык аймактарында атайын келишимдин негизинде ушундай бекер окууларды тартуулап келебиз. Окуучулар менен иштөө бизге абдан кызыктуу болду. Башында комузду жаңы кармаган окуучулар да келип жатышты, алар менен өзүнчө жекече иштеп, баарын бир калыпка сала алдык десем жаңылышпайм»,-дейт Гулина Калыгулова.
Окуучулар бул он күндүн аралыгында мыкты жетишкендиктерге жетише алышты. Өз таланттарын элге тартуулоо максатында Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө 19-март кунү чакан концерт коюшмакчы.
Окуучулар менен иштөө учурларын төмөнкү видеодо көрө аласыздар:
Акбермет Руслан кызы