Өткөн жумадан бери тынымсыз жаап жаткан кар жана жаан-чачындан улам Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин чатырынан суу агып, айрым окуу бөлмөлөрүнөн тамчы тамып жатат.
Тамчы тамган окуу бөлмөлөрү
Мугалимдер тамган сууну улам кургатып жатышат
Чатырдан куюлган жаан суусу
«Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында 2020-жылы мектептин чатырын катуу шамал алып кеткенден кийин, Баетов айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия түзүлүп, текшерилген. Ушул эле жылы жергиликтүү бюджеттен 20000 мин сом акча бөлүнүп, убактылуу айрым бөлүктөр, шамал алып кеткен толдордун орду ондолгон.
2018-жылы капиталдык ремонт боюнча долбоор жазылган, тиешелүү министрлик тараптан колдоого алынганы менен андан кийин токтоп калган.
Андан сон, республикалык электр энергия үнөөмдөөчү, иштетүүчү, Корея мамлекетинин (оkoica) каржылоосу боюнча менен чатырды жаңылоого долбоорлор жазылган, бирок каржылоо болгон эмес».
Алмаз Абдылдаев Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы(ортодо) Каныбек Эсеналиев-РБББ башчысы, Астра Токтогулова-мектеп директору
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мектептин абалы менен таанышып чыкты.
Чатыр кургамайынча оңдоо мүмкүн эмес
«Жаан басылып, чатыр кургамайынча оңдоп-түзөөгө мүмкүн эмес. Ошол себептүү убактылуу күтүүгө туура келет. Суу тамган жерлерин убактылуу оңдоого жасоого каражат бөлөбүз. Кийинки жылдар менен чатырын түрткү берүүчү грант менен алмаштырууну пландайбыз»,- дейт айыл өкмөт башчы Алмаз Абдылдаев.
Ал эми мектептин мугалими Назгүл Абдылдаева бат-баттан тамган сууну кургатып жатабыз. Антпесе суу каптап кетчүдөй деди.
Назгүл Абдылдаева-мектептин мугалими
Эскерте кетсек, мектептин имараты 1978-жылы салынып, колдонууга берилген. Мектеп салынгандан бери ар кандай долбоорлор менен бир катар бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен толук капиталдык ремонттон жүргүзүлө элек.
Барчын Мамытбекова