200дөн ашуун окуучу жана мугалимдер Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл аймактагы башчылардын «Ардак грамотасы», Ыраазычылык каттары», диплом жана медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
2022-жылдын 15-мартында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чон жыйындар залында райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин окуучуларынын 2021-2022- окуу жыл ичиндеги окуудагы, спорттогу, чыгармачылыктагы жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлоо салтанаты болуп өттү.
Окуучулардын мыкты окуусу үчүн, мугалимдерге шык берип стимул берүү кээ бир жетекчинин гана колунан келет. Аткарылган иштер-мыкты жетекчинин салымы болот. Ошол сыяктуу Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин жүргүзүп жаткан иши, чоң демилге болуп, мотивация жаратууда. Менеджерлик мыкты сапаты менен жетекчи райондук билим берүү бөлүмүнөн тартып, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деңгээлин көтөрүп, жакшы шарттарды түзүүгө чоң салым кошууда. Өнүктүрүү фонддоруна долбоорлор жаздырылып, райондун билим берүү тармагына көп инвестиция тартылууда.
«Бүгүн олимпиада, спорттук иш-чаралар, интелектуалдык оюндар, сүрөтчүлөр, таланттуу окуучулардын жетишкендиктери боюнча райондогу окуучуларды чогултуп, сыйладык. Эң негизгиси Базар-Коргондо билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча бир топ иш чаралар өткөрүлүүдө. Аларды атап кетсем, кээ бир мектептерде эмеректер жок эле, бүгүнкү күндө инвестициянын жардамы менен эмеректерди алып жатабыз. Ошондой эле Арсланбоб айыл өкмөтүндөгү 3 жаңы ачылган мектептерди эмеректер менен толук камсыз кылдык. Ал эми областык өнүктүрүү фондуна 5 жарым миллион сомдук мебелге долбоор жаздык, буйруса жакында бардык мектептерге тапшырабыз. Андан сырткары Республикалык олимпиадага 1 окуучубуз катышмакчы. Окуучубузга ийгилик кааладык. Негизгиси бүгүнкү иш-чара аркылуу таланттуу балдарга жана мугалимдерге мотивация болсун деп иш чараны пландаштырдык эле, кудай буйруса жакшы ишке ашты. Келген балдардын кубанычы, алардын сүйүнгөн көз караштары бүгүнкү сыйлоо кечебиздин толук максатына жеткенин далилдейт», -деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.
Ата-эне катары кызымдын ийгилиги мени талкундантып, кубандырды. Олимпиадага Ширин 9-классынан бери даярданып жүрөт. Талыкпай окуп, аракетинин, билиминин натыйжасында олимпиададан байгелүү орунга жетишти»,-деди Ширин Маратбекованын атасы Марат Токтобаев.
«Буйруса кийинки жылы да жакшы даярданып дагы катышат. Бүгүн балдардын ийгиликтерин сыйлоо аземине катышып олтуруп, районубуздагы таланттуу окуучулардын көптүгүн, алардын жаратып жаткан ийгиликтери көптү үмүттөндүрүп, келечекте районубуздун даңкын чыгара турган улан-кыздар тарбияланып жатканына ынанып, аларга кең келечек каалайт элем», -деди Токтобаев.
«Менин атым Алишер Жалалов. Мен N34 Юрий Исламов атындагы орто мектебинде менталдык арифметика боюнча инструктор болуп иштейм. Биздин мектепте менталдык арифметиканы жакшы өздөштүрүп жатышат. Менин окуучум Тимур Эргашев Республикалык олимпиададан орун алды. «Ааламга кеткен жол, айылдан башталат» демекчи, кудай буйруса менталдык арифметика боюнча балдардан үмүтүбүз чоң! Бүгүнкү иш чара, жогорку деңгээлде өттү, андыктан бардык окуучуларга ийгилик каалайм», -деди Жалалов.
Мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, дагы жаңы ийгилик жараткан окуучулар кийинки жылы да сыйланаарын баса белгилеген жетекчи, окуучуларга талыкпай билим алып, бийик жетишкендиктерге жетүүсүн каалап кетти.
Арууке Арстанбекова, Айбарчин Сабирова, Тимурлан Мелисбеков