2026-жылдын 25-мартында Кочкор районундагы мектеп окуучуларынын арасында «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык балдардын ырчылар, элдик жекече бий аткаруу, улуттук аспапта ойноо боюнча сынагы өттү.

Бул сынак Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандын ЮНЕСКО клубдарынын Ассоциациясы, «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору-Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун алгачкы клубу тарабынан уюштурулган.

Калыстар тобу
Бүгүнкү райондук турда 7-17 жаштагы балдар катышып өздөрүнүн жөндөмүн жана талантын көрсөтө алышты. Катышуучулар үч негизги аталма боюнча бөлүнүштү:
Вокал, хореография жана музыкалык аспапта аткаруу жанры боюнча. Сынактын негизги максаты бул Кыргызстандын өзгөчөлөнгөн жаш аткаруучуларды аныктоого жана колдоого, алардын чыгармачыл дараметин ишке ашырууга жана балдар чыгармачылыгы аркылуу мамлекетибиздин маданиятын таанытууга багытталган.

Комузда ойногон Айнура Тилегенова
Сынакка мектеп окуучулары активдүү катышып, сахнада өзүнүн өзгөчө таланты менен көрүүчүлөрдү суктандырып, калыстар тобун таң калдырды. Айрыкча улуттук бийлер жана патриоттук ырлар көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болду.

«Кочкорум» ыры менен сынакка катышкан Байэл Асанов
Жыйынтыгында мыкты катышуучулар аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып областык турга жолдомо алышты.
Тахмина Абдилбек кызы