Сары-Булак аймагындагы электр тармагы жаңы заманбап устундары жана кабелдери менен бекемделүү иштери башталды. Бул өзгөрүүлөр айыл тургундарына туруктуу электр энергиясын, аз авариялык өчүрүүлөрдү жана коопсуз инфратүзүмдү камсыздоого багытталган.

Сары-Булак аймагына 104 даана ЖБ опорасы алынып келинди. Бул опоралар эски карагайдан жасалган электр устундарын заманбап, бекем бетон устундарга алмаштыруу үчүн колдонулат. Мындан сырткары, айылдагы 04 аба чубалгылар жаңыланып, заман талабына ылайык ЗИП кабель менен тартуу иштери жүргүзүлөт.

Бул курулуштук иштердин негизги максаты – айыл тургундарына сапаттуу жана туруктуу электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу. Жаңы ЗИП кабель болжол менен 2 километр аралыкка тартылат. ЗИП кабелдин артыкчылыгы – ал шамал, жаан-чачын жана башка жаратылыш кубулуштарына туруктуу болуп, техникалык жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчөлүк электр линияларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга жардам берет.Бул иштердин натыйжасында айыл тургундарына электр энергиясы туруктуу жана сапаттуу жеткирилет.

ЖБ опоралар Кочкор районунун Чолпон айылындагы ЖБ бетон заводунан чыгарылып, Сары-Булакка алынып келинди. Курулуш иштери күн жылыгында башталат, учурда бардык даярдык жана алдын ала уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду Кочкор РЭСиндеги Кара-Кужур учаткасы алып барат.

Андан сырткары, долбоор тургундардын күндөлүк жашоосун жеңилдетүү, айылдагы мектеп, соода жана социалдык объектилерге үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Жаңы устундар жана кабелдердин туруктуулугу тургундардын коопсуздугун жана жашоо сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.

Даярдаган: Бурул Майрамбек кызы