Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын жаш балбаны Баэл Рысбеков Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу спорт сарайында СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медалдын ээси болду.

Анын машыктыруучусу, спортчу Чыңгыз Жамаловдун айтымында, эркин боюнча 29 жылдан бери өтүп келет жатат.

«Мелдешке Казакстан, Өзбекстан,иКыргызсиан жана башка өлкөлөрдөн келген өспүрүм балбандар катышты. Мелдешке жалпы 7 балбанды алып баргам. 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Байэл Рысбеков өзбек балбаны менен коло медаль үчүн күч сынашып, соңунда жеңишке жетишти. Байэл буга чейин дагы бир катар эл аралык мелдештерде алтын медалдарды алып келген», — деди машыктыруучусу Ч.Жамалов.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова