Акыркы мезгилде Тасма айылында мал арасында шарп оорусу көбөйүп, ветеринардык кызматкерлерди тынчсыздандырууда. Бул илдет малдын ден соолугуна гана эмес, анын өндүрүмдүүлүгүнө да түздөн-түз таасирин тийгизет.

Айылдын ветеринардык дарыгери Таалайбек Аликеновдун айтымында, малдардын оорушуна негизинен туура эмес тоюттандыруу жана иммунитеттин төмөн болушу себеп болот. Ошондой эле жугуштуу оорулар малдан малга тез тарап, абалды курчутат.
Оорунун белгилерин аныктоо үчүн адистер малдан кан алып, лабораториялык текшерүүгө жиберишет. Жыйынтыгында кайсы оору экендиги такталып, тиешелүү дарылоо жүргүзүлөт. Ооруган мал адатта арыктап, тоют жеши жана суу ичүүсү азаят.
Ветеринар белгилегендей, шарп — аба аркылуу жугуучу кооптуу илдет. Ошондуктан оорулуу малды өзүнчө бөлүп кармоо жана өз убагында дарылоо зарыл. Болбосо оору башка малдарга тез жугуп кетиши мүмкүн.
Учурда айылда шарп оорусу менен жабыркаган малдар көзөмөлгө алынып, аларга тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Адистер мал ээлерин малды туура багууга, сапаттуу тоют берүүгө жана ветеринардык текшерүүдөн убагында өткөрүп турууга чакырат.
Даярдаган: Диана Жайлобаева