Акыркы мезгилде Тасма айылында мал арасында шарп оорусу көбөйүп, ветеринардык кызматкерлерди тынчсыздандырууда. Бул илдет малдын ден соолугуна гана эмес, анын өндүрүмдүүлүгүнө да түздөн-түз таасирин тийгизет.
Февраль айынын башынан Чолпон айыл аймагындагы айылдарда ири мүйүздүү мал арасында шарп оорусу каттала баштады. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдет уй, торпок, бука жана кунаажындардын дээрлик баарына жайылып, мал ээлерин …