Февраль айынын башынан Чолпон айыл аймагындагы айылдарда ири мүйүздүү мал арасында шарп оорусу каттала баштады. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдет уй, торпок, бука жана кунаажындардын дээрлик баарына жайылып, мал ээлерин тынчсыздандырууда.

Айыл тургуну, Кубан Абдиев бул тууралуу мындай дейт:
“Бул оору бизде 2025-жылдын октябрь айында да болгон. Ал кезде уйлардын оозунан шилекейи агып, туяктарынан кармап ооруп жатышкан. Азыр болсо айрым уйлардын желини жабыркап, мүйүзү да түшүп калган учурлар бар”, — дейт ал.

Учурда ооруп жаткан малга ийне сайылып, оозуна дары чачылып дарыланып жатат. Ал ошондой эле вакцина алган мал да ооруп калышы мүмкүн экенин, бирок алардын ооруга туруктуулугу жогору болорун айтат. Мал ээлерине малды жакшы карап, жетиштүү тоют берүү керектигин да белгилейт.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.