Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Жашоо каражаттарын колдоо программасы боюнча 2023-жылдын август айынан баштап «Бизнес көндүмдөр» боюнча сериялуу бизнести пландоо, бизнести өнүктүрүү, бизнести башкаруу боюнча окутуулар башталган. Окутууга Тогуз-Торо районунан жалпы 120 адам катышты.

Бизнес идеялары тууралуу жакташып, сертификаттарга жана «Ийгиликтүү катышуучу» номинациясына ээ болушту.
Кошумча нарк чынжырчасынын артыкчылыктуу багыттары: Мал чарбасындагы технологиялар, жаңы агротехнологиялар, кол өнөрчүлүк, туризм багыттары боюнча сериялуу окуу тренингдеринен өтүштү. Насаатчылардын иш тажрыйбалары менен да таанышышты.

Окутуунун жыйынтыгында питчинг иш чарасында катышуучулар өздөрүнүн бизнес идеялары тууралуу жакташып, сертификаттарга жана «Ийгиликтүү катышуучу» номинациясына ээ болушту.
Семинарда төмөнкү темалар тууралуу билимдер берилди.
— Бизнес боюнча билимдер;
— Практикалык көндүмдөр
-Устаттар менен мастер класстар
-Бизнес пландарды иштеп чыгуу;
-Тажрыйба алмашуу аркылуу программанын катышуучулары үй-бүлөнүн бакубатчылыгы үчүн кирешесин көбөйтүүнүн үстүнөн иш алып барылды.

Катышуучулар бизнес идеяларын жакташты
Жашоо каражаттарын колдоо программасын ишке ашырууда мыкты уюштуруучулук ишти көргөзгөнү үчүн Каргалык айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери Татыгүл Арзыматова, Алтынай Качкынова «Мыкты өнөктөш айыл өкмөт кызматкери» номинациясы менен сыйланышты.

Окутуулар Дүйнөлүк банк каржылаган Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырган “CASA-1000. Жергиликтүү коомчулуктуу колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Анара Мааметова