Бүгүн Токтогул шаарынын борбордук аянты өзгөчө жандуу болду. Жарманкеге райондун айыл аймактарынан келген өндүрүүчүлөр өздөрүнүн таза продукцияларын алып чыгышты. Сатуу текчелеринде төмөнкү азыктар орун алган: таза каймак, май жана быштактар, Токтогулдун атактуу балы, картошка, сабиз, пияз, кыштан сакталган ширелүү алмалар жана башкалар сатылды.


Район тургундарын сапаттуу жана арзан тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү дыйкан-фермерлерди колдоо максатында Токтогул шаарында кеңири масштабдуу азык-түлүк жарманкеси өз ишин баштаган. Бул иш-чара ортомчусуз соода кылууга шарт түзүп, баалардын туруктуулугун сактоого багытталган.


Жарманкенин негизги артыкчылыгы — баалардын базар баасына салыштырмалуу 10-15% арзан экендигинде. Бул жергиликтүү калк үчүн үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө чоң өбөлгө түзүүдө.
Жарманке бир жолку акция эмес, туруктуу салтка айланган. Мындан ары район тургундары жана коноктору үчүн азык-түлүк жарманкеси, ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп турат.

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, мындай иш-чаралар ички рыноктогу бааларды көзөмөлдөөгө жана жергиликтүү өндүрүшчүлөргө өз товарларын түз сатууга аянтча түзүп берет.
Урматтуу район тургундары, сапаттуу жана таза азыктарды арзан баада сатып алуу үчүн борбордук аянтка жума күндөрү келсеңиздер болот.
Пияз кг15сом, картошка кг 40 сом, алянга күрүч кг 130 сом, кол күрүч кг 140 сом, жүзүм кг 150сом, алма кг 65-85 сом, помидор 200 сом, сүт 50 сом,сүзмө 200сом, сабиз 40сом ж.б

Даярдаган: Азема Кудуева.