2026-жылдын 6-мартында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Жаздын ажары — аялзат» аттуу салтанаттуу иш-чара өттү. Райондун өнүгүүсүнө салым кошкон ар кыл тармактын өкүлдөрү чогулган бул кечеде энелерге таазим кылынып, эмгек ардагерлерине өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү.Салтанатка Токтогул шаардык мэриясынан, бардык айыл аймактардан жана мекеме-ишканалардан чакырылган 100 айым катышты. Алардын арасында эмгек ардагерлери, баатыр энелер жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн айымдар болду..


Иш-чаранын расмий бөлүгүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары Куттубек Аттокуров сөз сүйлөдү. Ал аялзатынын коомдогу орду баа жеткис экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: »Аялзаты — үйдүн куту гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин тиреги. Бүгүнкү күндө биздин айымдар бала тарбиялоо менен бирге, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатышат. Сиздердин чыдамкайлыгыңыздар жана талыкпас эмгегиңиздер суктанууга татыктуу», — деди Куттубек Аттокуров.


Майрамдын алкагында райондук аялдар кеңеши тарабынан даярдалган, райондун өнүгүшүнө эмгеги сиңген ардагер аялдар тууралуу видео-слайд көрсөтүлдү. Бул тасма катышуучуларга өткөн күндөрдүн элесин тартуулап, терең таасир калтырды. Райондук аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова аялдардын коомдогу орду тууралуу токтолуп, активдүү айымдарга ардак громаталарды тапшырып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле, БШКнын атайын өкүлү Нурболот Кожобергенов жана медицина тармагынын адистери өз каалоо-тилектерин билдиришти.


Салтанаттын соңунда райондук маданият үйүнүн мырзалары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Шайыр ырлар жана каалоо-тилектер менен коштолгон бул кече айымдарга чыныгы жазгы маанай жана унутулгус ирмемдерди тартуулады.


Бул салтанат — аймактагы аялдардын түйшүктүү эмгегин баалап жана аларга жаздын алгачкы күнүндө көтөрүңкү маанай тартуулоо болду.
Даярдаган: Азема Кудуева.