Пандемиялык кырдаал өлкөдөгү бардык тармакка өз таасирин тийгизди. Анын ичинде маданият тармагы дагы бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду. Тактап айтканда, маданият үйлөрүндө, айылдык клубдарда маданий-массалык иштер белгисиз мөөнөткө токтотулуп, театр, кинолор коюлбай калды. Бирок ошого карабастан маданият кызматкерлери мерчемге ылайык өз иштерин улантып жатышты.
Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында пандемия учурунда иш бир топ үзгүлтүккө учураган.
«Пандемияда оюн-зоок эмес ден-соолуктун коопсуздугу маанилүү болду баарыбыз үчүн. Чынында 2 жыл бою гастролго чыккан жокпуз. Айылдарды кыдырып, куурчак театр, концерт койчу элек. Алардын баары токтоду. Пландарыбыз толгон жок. Кырдаалга байланыштуу массалык иш-чаралар өтүлгөн жок. Сырттан дагы кино, концерттер келбеди. Бирок ошондой кырдаалга карабастан кызматкерлер чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында аракет кылып, сынактарга аралыктан катышып, ийгиликтерди жарата алышты. Биз өзүбүз дагы айрым сынактарды аралыктан өткөрдүк. Азыр эми маданият үйүнүн алдындагы элдик куурчак театрынын жомогун даярдап жатабыз. Буюрса айылдарды кыдырып, кичинекей бөбөктөргө тартуу кылабыз»,- дейт.
Барчын Мамытбекова