Акыркы күндөрдө өлкөбүздө азык түлүктүн баасы бир кыйла жогорулады. Бул маселе ар бир адамды тынчсыздандырып жатат. Анын бир нече себептери азык- түлүктүн дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшү жана жеткирүү тармагынын үзүлүшү. Ушул суроо боюнча Кочкор айылынын тургундарынан ой бөлүшүп кетүүсүн сурандык.
Кочкор айылынын тургуну Урматбек Шергазиев аксакалдар сотунун төрагасынын ой пикирин уктук:
«Силер берген суроого минтип жооп берет элем, бул көрүнүш жалгыз эле Кыргызстанда эмес, бул бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан абал. Анткени эки чоң өлкөдө тиреш болуп жатканына байлыштуу бүт дүйнө жүзүндө кымбатчылык орун алды. Бирок Кыргызстан кымбатчылыкты жеңет, анткени биздин мамлекетибиздин жашоо шарты, климаттык өзгөчүлүктөрү баардык жагынан жооп берет. Буюрса жаз келди, жамгыр жаады, жер айдалып көк чыкты, дан себилип бардыгы жакшы болот деген үмүтүм бар».
Кочкор районунан чыккан Республикалык 3 айлампасына катышкан «Энелер Шаңы» этно фольклордук» Ак- элечек» шайыр апалар тобунун жетекчиси Элмира Ниязалиева төмөнкүлөрдү айтты:
«Кыргызда илгери айтылчы пейлиңди кенен коюу керек деп. Бирок тилекке каршы азыркы учурда элден пейил кетти десем болот. Анткени дүкөнгө киргенде кант, ун жана башка азыктарды каптап алып жаткандарын көрсөн болот. Бул кейиштүү көрүнүш биздин турмушта көнүмүш адат болуп жатат. Ушунун баарын туура көрбөйм. Мен өзүм керек азыктарды убагы менен алганга аракет кылам. Кымбатчылык жөнүндө айтсам бул эми ойлойм убактылуу деп. Буюрса элибиз пейилин кенен койсо бардыгы жакшы болот, үмүтүбүздү үзбөй туралы».
Кочкор айылынын тургуну Эсенбек Керимов өзүнүн оюу менен бөлүшүп кетти:
«Мурун 2-3 миң сомго эле баштык толо азык алчу элек, азыр анын бири жок. Акчабыз жетпей калат деп чакандап алып калдык, кээде карызга алганга туура келип калат. Албетте, айыл жеринде жашаганыма шүгүр келтирем, анткени сүт, эт, картошка, жумуртка өзүбүздөн болгонуна. Дүкөндөрдө кумшекердин баасы 95 сомго чыгып кеткени капалантат. Бирок абал турукташат деген үмүтүм чоң».