Бийик тоолуу аймактарда жүрөк оорулары көп кездешет. Анын себептери жана алдын алуу боюнча Казан-Куйган айыл аймагындагы “Шалтаева Айнек апа” атындагы оорукананын башкы дарыгери Замир Эсенгулов төмөнкүлөрдү билдирди:
“Ар бир эле оорунун өрчүшүнө тышкы жана ички факторлор таасирин тийгизет. Мисалга алсак, ички факторлорго гендик, өнөкөт оорулар боло турган болсо, сырткы факторлорго туура тамактануу, климат, вирустук оорулар кириши мүмкүн. Оорунун терс өөрчүшүнө айрыкча вирустук оорулар бат таасир тийгизишет. Учурдагы коронавирус оорусу жүрөккө жана өпкөгө аябай таасир берди. Себеби, ал канды коюлтуп, кан айланууну жайлатуу менен өпкөгө да кычкылтек жетишпей, дем алуу оор болуп, атайын аппараттар коюлуп жатты.
Бийик тоолуу аймактарда жүрөк оорулары менен кайрылгандар көп болот. Себеби, мындай аймактарда жүрөккө эң керектүү болгон кычкылтектин аздыгынан улам оору күч ала баштайт.
Азыр биз айыл ичинде жүрөк ооруларын алдын алуу боюнча 40 жаштан жогору адамдарды бат-баттан текшерип турабыз. Себеби, булар тобокел тобуна кирип калышат. Эгерде өзгөрүү байкалса, кан суюлтуучу дарыларды сунуштайбыз.
Тоолуу аймактарда атайын “Высокогорная медицина” иш алып барат. Бул багытта дасыккан адистер дайыма изилдөөлөрдү жүргүзүп, тобокел тобундагы адамдардын санын тактап, ооруга чалдыккан адамдарга байкоо жүргүзүп турушат.»
Кызыктуу маалымат
Жүрөктүн дагы өтө маанилүү иши бардык органдарды кычкылтек менен камсыздап туруу. Эгерде кычкылтек жетишпей калса, башка органдардын иштөө процесси бузулат. Канды кычкылтек менен жабдуу үчүн жүрөктүн карынчасы аны өпкөгө баруучу өпкө артериясын тыным албай көздөй айдап турат. Жыш капилляр торчосу өпкөнүн бир да ыйлаакчасын калтырбай каптап тургандыктан, капиллярлардын жана ыйлаакчалардын жука капталдары аркылуу кычкылтек канга оңой эле өтөт, ал эми көмүр кычкыл газ кандан бөлүнүп, өпкөнүн ыйлаакчасындагы абага кошулат. Кычкылтекке каныккан кан, вена аркылуу жүрөктүн сол жагына келип куюлат, андан эң жоон артерияга — толтого барат. Толтодон тараган артериялар аркылуу кан бүткүл денеге жайылат.
Катуу иштеген учурда булчуңдар тынч турган мезгилге караганда кычкылтекти 10-15 эсе көп керектейт. Ошондуктан басып жүргөн учурда кыймылда болгон булчуңдардын гана кан тамырларынын кеңейиши жетишсиз. Мындай учурда жүрөк тезирээк сого баштайт. Катуу чуркаганда жүрөк минутасына 120-160ка чейин согот. Тынымсыз иштөөдөн жүрөк тез чарчайт. Жүрөктүн булчуң эттерин машыктырбаса, адамдын башка булчуңдары сыяктуу эле начарлап кетет.
Жүрөктүн жакшы болушуна климат жана ген гана эмес, туура тамактануу да өтө маанилүү. Негизи нормадан ашык же уйку алдында күчтүү азыктар менен тамактануу жүрөккө гана эмес башка болгон организмге терс таасирин тийгизет. Себеби, кыймылга келбей жатканыбызда ашказан жакшы иштебей, диафрагманын иштөөсүнө тоскоол болот жана дем алуу оорлойт. Ошол себептен жүрөктүн дагы башка органдарды кычкылтек менен камсыз кылуусуна тоскоолдуктар жаралат.
Ошондуктан, жүрөккө кам көрүү жана жүрөктүү күчтүү болуусуна туура тамактанып, спорт менен алектенип туруу өзүбүзгө жакшы. Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда!
Аяна Ырысбек кызы