Кочкор районунун Кочкор айылында жайгашкан райондук дарыканадагы тиш бөлүмүнө заманбап стоматологиялык жабдуулар менен камсыздалып, дарыгерлер жамаатына жана бейтаптарга жакшы саамалык болду.
Тиш бөлүмүнүн жаңы жабдыктары
Кочкор жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тиш оорулардын бөлүмүнүн тиш дарыгери жана Кочкор районунун Саламаттыкты сактоо боюнча кесиптик бирлигинин төрагасы Эрнис Бектуров бул саамалыкка кубанычы менен бөлүшүп кетти:
«Биздин бөлүмдө ушул убакытка чейин 4 тиш дарыгери иштегенге мүмкүнчүлүктөрү бар болчу, анткени бейтаптарды тейлөө үчүн стоматологиялык жабдуулар аз жана эскилиги жетип калган. Азыркы күндө жаңы, заманбап жана акыркы талаптарга жооп бере турган 10 стоматологиялык жабдыктар менен камсыз болдук.
Мунун өзгөчөлүктөрүн белгилеп кетсем, бул стоматологиялык орундуктар камера, визиограф менен камсыздалган. Визиограф акыркы заманбап үлгүдөгү рентгенография менен иш алып барып жатабыз. Келген бейтаптардын убакыт кетирүүсү азайып биздин дагы жумушубуз жеңилдеп калды.
Мисалы, бейтаптын көйгөйлүү болуп жаткан тиштерин визиограф менен рентгенге тартып, башка жакка жөнөтпөй, убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берип жаткан кезибиз. Камера аркылуу ооз көңдөй ичиндеги көйгөйлүү тиштерин бейтап көрүп жана байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Дарыгердин болгон дарылоо процессин камера аркылуу тартып жана флешкага жүктөп алууга болот.
Азыркы учурда тиш бөлүмүндө эң биринчиден жаңы стоматологиялык жабдууларды тестирлөө өткөрүү боюнча өзүбүздүн медициналык кызматкерлерден баштайлы дедик. Кочкор жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 500 ашык кызматкерлердин саламаттыгы үчүн 16-19 мартка чейин акция жүргүзүп жатабыз.
Мурда оорунун себебин далилдей албай, көп убакыт кетирип жүрчүбүз, акыркы изилдөөлөргө таянсак оорунун жугуу жолдору ооз көңдөйүнүн кариес тиштери аркылуу жугары тастыкталды, ошолорду алдын алуу максатында бекер пломба коюу жана тиштерди жулуп алуу кызматын көрсөтүп жатабыз.
Биздин тиш бөлүмү жөнүндө маалымат берип кетсем, жалпы тиш дарыгерлер, медайымдар, стоматологиялык техниктер менен чогуу 20 кызматкер эмгектенет жана өзүбүздүн кесиптик милдетибизди аткарып жатабыз», — деп Эрнис Бектуров сөзүн аяктады.
Кочкор: Тиш оорулары бөлүмү акысыз дарылоо акциясын уюштурду
Нурия Карымбаева, Сюита Түмөнбаева