Кочкор районунун жергиликтүү тургундары үчүн Кочкор жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тиш оорулары бөлүмү акция уюштурду. Акциянын жүрүшүндө тургундар тиштерин акысыз дарылатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Акция боюнча тиш оорулары бөлүмүнүн башчысы Досумбек уулу Нурлан кийинки маалыматтар менен бөлүшүп кетти: «22-23-март күндөрүнө жергиликтүү тургундар үчүн акысыз тиш пломбалоо жана тиш сууруу акциясын жарыялаганбыз. Эң негизги максатыбыз бул элдин саламаттыгын сактоо жана тиш ооруларын алдын алуу.
Буюрса иш-чарабыз өз убагында, активдүү өтүп жатат. Акция тууралуу маалыматты социалдык тармактарга жарыя бергенбиз. Бирок көпчүлүк бейтаптар тааныштарынан угуп келип жатышат. Гендердик жактан караганда тишке кам көрүүгө көбүрөөк аялдар жана жаш курактагы балдар кызмат көрүп жаткан учуру. Дарылоо убагында биздин тиш дарыгерлер өзүнүн кеп кеңешин берип, тиштерге кандай туура кам көрүү, тиштин гигиенасы тууралуу маалымат берүүдө. Акция ийгиликтүү болушуна жана бейтаптар профессионалдуу деңгээлде кызмат алып жатканына чоң ишеничтемин», -деп сөзүн аяктады.
Роза Дүйшөнбаева Кочкор айылынын тургуну акция тууралуу кеп курду:
«22- март күнү кызымдын тиши ооруганына байланыштуу тиш оорулары бөлүмүнө келсек, акцияга туш болуп калып, кызымдын тиштерин акысыз дарылатып кеткем. Бүгүн экинчи кызымдын тиштерин көрсөтүү менен өзүм тиштердин гигиенасы боюнча көп керектүү маалымат алдым. Чоң ыраазычылык билдирем тиш бөлүмдүн дарыгерлерине, ушундай сонун акция уюштуруп жатканына».
Гүлбарчын Маадабаева Тендик айылынын тургунун кепке тарттык:
«Көп жылдан бери Кочкор тиш оорулары бөлүмүнүн кызматын көрүп жүрөбүз. Акция жүрүп жатканын угуп, кызым экөөбүз келгенбиз. Тиш бөлүмүнүн дарыгерлерине ишеничим чоң, ошондуктан ар дайым ушул бөлүмгө келип тиштеримди дарылатып турам. Жергиликтүү элге эң сонун саамалык болду десем болот. Эң сүйүнүчтүү кабар бул ар бир кабинетте жаңы стоматологиялык жабдууларды көрүү, ойлойм элге жакшы кызматын көрсөтөт деп».
Ошентип тиш оорулары бөлүмүндө эки күндүк акция өзүнүн аягына чыкты.
Нурия Карымбаева