Кочкор районунун жергиликтүү тургундары үчүн Кочкор жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тиш оорулары бөлүмү акция уюштурду. Акциянын жүрүшүндө тургундар тиштерин акысыз дарылатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жаш-карысына карабай тиши ооруган адамдар миңдеп саналат. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалдын курчушунан, тиш дарыгерге барып көрүнүү кооптуудай сезилет. Алыскы айылдарда пандемия учурунда тиш доктурлар тынымсыз иштеген.
Кыргызстанда эң көп катталган тиш ооруларынын бири – кариес. Дүйнө жүзү боюнча бул дартка жылына дээрлик эки жарым миллиард адам чалдыгат.
Адамдын ичи менен тиши оорубасын деген кеп кеңири айтылып келет. Сыздатып тиш ооруган учур ар бир экинчи адамда кездешет. Бул себептен, тишке кандай кам көрүү зарыл?Кандай учурда брекетти тагынууга болбойт? …