Балдардын тиш менен көйгөйлөрү жаралбаш үчүн алдын алуу чаралары. Кичинекей балдардын тишине туура кам көрүү боюнча балдар стоматология поликлиникасынын бөлүм башчысы Азамат Медербеков айтып берет.
Балдардын тишине кам көрүү эненин кош бойлуу кезинен башталышы керек. Себеби дал ошол маалда баланын ооз көңдөйү жана тиштеринин негизи түптөлөт. Демек, бул учурда болочоктогу эне керектүү витамин, минералдар менен үзгүлтүсүз камсыз болушу зарыл. Баланын алгачкы сүт тиштери 6 айдан кийин чыга баштайт. Бул мезгилден тарта эле аларга туура кам көрүү чоң мааниге ээ. Тишти алгачкы учурда атайын манжага кийүүчү щетка же бинтти жылуу сууга малып, тиштерди акырын тазалап турушу керек. Андан соң жумшак тиш щёткасын колдонууга өтсө болот. Бир жарым жаштан баштап балага тиш щёткасы менен тиш жуушту үйрөтүү сунушталат. Эртең менен жана кечинде тиш жуугандарын адатка айландыруу абдан маанилүү
Баланы тиш жууганга көндүрүү үчүн ата-эненин өздөрү да дайыма тиштерин жууп, үлгү көрсөтүшү зарыл. Балдар эң оболу ата-энесинин кылган иш-аракеттерин туурашат. Ошондуктан, тиш жуугандын маанилүүлүгүн түшүндүрүүдөн тышкары, аларга күн сайын көрсөтүп берүү да пайдалуу. Балдардын сүт тиштери 14 жашка чейин алмашып бүтөт. Көпчүлүк ата-энелер сүт тиштерге анча маани бербей, сүт тиштер түшүп, жаңылары чыгат деп кайдыгер мамиле кылышат. Бирок, бул туура эмес түшүнүк. Сүт тиштердин ар бири туруктуу тиштердин ордун даярдайт. Эгер алар эрте жулунса же бузулса, туруктуу тиштер туура эмес жайгашып, кыйшайып чыгышы мүмкүн. Мына ошондуктан тиш ооруганда гана эмес, алдын алуу максатында жарым жыл сайын тиш доктурга көрүнүп туруу абзел.
Кичинекей балдардын тиш оорусу абдан тез өнүгөт. Кечээ эле тиши жакшы болсо, бүгүн шишип кетиши мүмкүн. Бул кариес биринчи стадиядан экинчисине өтүп кеткенин билдирет. Көпчүлүк ата-энелер баласын тиш доктурга ооруну басаңдатуу максатында гана алып келишет. Чындыгында, оору пайда болордон мурда эле тиштерди текшертип туруу керек. Көп учурда балдардын тиштери курттап, ириңдеп кеткенден кийин гана тиш доктурга кайрылышат. Мындай жагымсыз жагдайларды алдын алуу үчүн эң биринчи гигиенаны сактоо керек. Ошондой эле пландуу түрдө адистерге көрсөтүп туруу зарыл.
Кариес – бул тиштердин начарлашынын эң негизги себеби. Ал жеген тамактын калдыктары тиш арасында тазаланбай калып, бактериялардын көбөйүшүнөн пайда болот. Айрыкча таттуу азыктар – конфет, торт, таттуу суусундуктар – кариестин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда жашылча-жемиштер тиштердин бекем өсүшүнө көмөктөшөт. Мындан сырткары, балдардын тиштеринин туура өсүшүнө терс таасир тийгизген адаттар да бар. Маселен, упчуну узак убакыт эмүү же бармак соруу маңдайкы тиштердин жылышына алып келет.
Баланын тиш доктурдан коркпошу үчүн ата-энелер өздөрү туура мамиле кылышы керек. Көп учурда ата-энелер “тентек кылсаң доктурга алып барып ийне сайдырам” — деп баланы коркутуп коюшат. Бул чоң ката. Анткени мындай сөздөр баланын тиш доктурдан катуу коркуусуна себеп болот. Туура жолу баланы 6 ай сайын тиш доктурга алып барып, дарыгердин жылуу мамилесине көндүрүү. Эгер тиш дарыгери тиштерин текшерип, “баары жакшы экен, жакшы жууп жатыптырсың” — деп мактаса, бала тиш доктурга оң көз караш менен карап, коркуу сезими жоголот. Ошентип, кийин тиши ооруп калганда дарыгерге оңой кайрылат.
Жалпысынан, балдардын тиштерин сактоо үчүн үч негизги эрежени кармануу зарыл: гигиенаны сактоо, туура тамактануу жана тиш доктурга үзгүлтүксүз көрүнүү. Бул аракеттер тиш ооруларынын алдын алып, баланын ден соолугун чыңдоого жардам берет.
Айпери Марлесова, Айгерим Кубатбекова