Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 7-10-класстар арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Бул иш-чараны 11-класстын окуучулары Кусейин Маратов жана Акылай Болотбекова уюштурушту. Конкурс окуучулардын ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө, аналитикалык ойлонуусун жакшыртууга жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзүү максатында уюштурулган.
«Акыл ордо» интеллектуалдык таймашына 7-8-9-10-класстын окуучулары катышты.
Таймаш төрт негизги турдан турду:
1. Фразеологизмдерди табуу – катышуучуларга сүрөттөр аркылуу берилген фразеологизмдерди табуу тапшырмасы берилди.
2. Макал-лакаптар – макалдардын уландысын туура табуу сынагы өткөрүлдү.
3. Кинолорду таануу – катышуучуларга белгилүү тасмалардын саундтректери коюлуп, алар кайсы кинонун музыкалык коштоосу экенин аныктоого аракет кылышты.
4. Айыл таануу – Чолпон айылы тууралуу берилген суроолорго жооп берүү аркылуу окуучулардын өз айылы боюнча билим деңгээли текшерилди.
Калыстар өз милдетин так жана калыс аткарышты
Иш-чарага калыс катары катышкан Айна Жунушова бул таймаш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бул конкурс абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар үчүн пайдалуу болду. Өзгөчө үчүнчү тур – кинолордун саундтректери боюнча берилген тапшырмалар окуучулардын кызыгуусун арттырды. Бирок логикалык суроолорго жооп берүүдө кээ бир окуучулар кыйналышты. Ушундай интеллектуалдык таймаштардын көбүрөөк уюштурулушу окуучулардын ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүүгө чоң жардам берет.»
Жюринин баалоосу боюнча жыйынтык төмөндөгүдөй чыкты:
• 1-орун – 9-А классы;
• 2-орун – 10-А классы;
• 3-орун – 9-В классы.
Окуучулар тапшырмаларды аткарууда
Интеллектуалдык таймаш окуучуларга өз билимин өркүндөтүүгө, ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртууга жана топ менен иштөө тажрыйбасын алууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаранын уюштуруучуларына жана активдүү катышкан окуучуларга терең ыраазычылык билдирилет.
Нурпери Качкынбекова, Айпери Карыпбекова