Кыргызстанда эң көп катталган тиш ооруларынын бири – кариес. Дүйнө жүзү боюнча бул дартка жылына дээрлик эки жарым миллиард адам чалдыгат.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланган статистика боюнча, 2020-жылы 18,8% адам тиш дарыгерге кайрылган. Тактап айтканда 171 миң 604 адам тишин дарылаткан. Анын ичинен 67 миң 288и Нарын облусунун тургундары.
Биз бул жолу тиш ооруларынын пайда болуу себептери, тишти дарылатууга кеткен чыгымдар жана алдын алуу аракеттери тууралуу кеп козгойбуз.
Жан чыдагыс оору жана ага кеткен чыгымдар
Нарын районунун 46 жаштагы тургуну Гүлзат Абдрашитова учурда борбор калаага келип, тишин дарылатып жатат. Нарындагы тиш дарыгерлер анын тишин дарылагандан кооптонуп, борбор калаага жиберишкен. Абдрашитова учурда өзүнүн эле тишин эмес, бир баласынын дагы тишин дарылатып жаткан чагы.
«Буга чейин тиш дарыгерлерге кайрылчу эмесмин. Тишим ооручу деле эмес. Бирок тишке кара так түшүп, акыры жан чыдагыс ооруга айлана баштады. Нарын шаарындагы тиш дарыгерлер «Биз дарылай албайбыз, кооптуу абалга келип калыптыр» дешти. Эми балам экөөбүз борбордо жеке менчик стоматологияда дарылатып атабыз. Балам экөөбүзгө эле 50 миң сомдон ашык акча кетти. Бул бир үй-бүлө үчүн чоң эле сумма. Буга чейин тиш ооруну олуттуу деп эсептечү эмесмин», — деди Абдрашитова.
Ал эми Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Абдылдаев бир уулуна жакында 38 миң сомго тишин дарылатып, брекет (кыйшык тиштерди түздөөчү темир) койдурганын айтат:
«Негизи үй-бүлөбүз менен деле атайын тиш доктурга барып, кеңеш алып көргөн эмеспиз. Эми айыл жергесинде эч ким деле антип барбайт. Качан гана тиш ооруганда анан дарыгерлерге кайрылабыз. Мен деле мындан эки жыл мурун тиштеримди жулдуруп, 50 миң сомго жасалма тиш салдыргам. Убагында тишке жакшы кам көрбөгөн үчүн азыр жасалма тиш менен жүрөм. Бул баары бир өзүңдүн тишиңе жетпейт», — дейт каарманыбыз.
Бул 6 миллиондон ашык калкы бар өлкөнүн ичинен эки гана адамдын окуясы.
Тишке кам көрүүнүн эрежелери
35 жылдан бери тиш дарыгери болуп эмгектенген Абдыманап Бешкемпиров тишке туура кам көрүү тууралуу кеңеш берип келет.
Бешкемпиров аял кош бойлуу кезден баштап, өзүнүн тишине жакшы кам көрбөсө, тиш оору жана тиштин кыйшайып калуусу укумдан-тукумга өтүшү ыктымалдыгын айтат.
«Ар бир адам тишине жакшы кам көрсө, карыганга чейин жакшы сакталат. Кош бойлуу аял текшерүүдөн өтүп, каттоого тургандабиринчи кан басымын, анан тишти текшерет. Бирок бизде, тилекке каршы, баары эле антип текшерте бербейт. Ошол себептен оору энеден балага өтөт. Тиш ооруса, башка оорулар дагы козголот. Мисалы, кан басымы көтөрүлөт, кан бузулат, нерв жана башка көп оорулар козголот», — дейт Бешкемпиров.
Кош бойлуу аял курсагындагы баласы үчүн жана өзүнүн саламаттыгы үчүн милдеттүү түрдө тиш дарыгерге кайрылышы керектигин, бирок, кайдыгер болгондор кѳп экенин кошумчалады Бешкемпиров.
Ал бул маселени чечүү үчүн кош бойлуу айымдарга милдеттендирген жаңы ыкма керектигин белгилеп, Швеция мамлекетин мисал келтирди:
«Айрым кош бойлуу айымдар тааныш салып, справканы жөн эле жаздыртып алышат. Анан өзү дагы тиштен куурайт, баласы дагы куурайт, акчалары дагы кетет, чыгым болушат. Боюнда бар айымдар эгерде тишин дарылатпай эле төрөйм десе, айып пул төлөтсө болот. Баарына сабак болуп, түшүнө башташат. Кош бойлуу болгонго чейин тишти дарылатыш керек экен деп. Мисалы, Швецияда кош бойлуу айымдар тиш дарыгердин көзөмөлүнөн өтпөстөн төрөтканага барса, айып пул төлөшөт. Биздин өлкөдѳ да ушундай талап киргизсе болот»,- деди ал.
Дарыгер жаш өткөн сайын тиштин өңү бузулуп, тиш оору пайда болот деген ойдон арылуу зарыл экенин белгиледи. Ал ошондой эле, бир нече сунуштарды айтты:
*Кош бойлуу кезде витаминдүү азыктарды: алма, алмурут, жүзүм, сабиз, кызылча жана башка жашылча жана мөмө-жемиштерди жеп туруу зарыл*
*Тишти күн сайын эрте менен жана кечинде эки башка щетка менен жууп туруу зарыл.*
*Жаш балдарга эки жаштан туура тиш жууганды үйрөтүү жана ата-эне баланы ээрчитип, тиш дарыгерден кеңеш алып туруу керек*
*Тиштин өңүн таза сактоо үчүн кофе, чай жана газдалган суусундуктардан, чылым чегүүдөн алыс болуу зарыл. Кадимки кайнатылган суу тиштин түсүн сактайт*
Жаш балдардын тишинде кара так пайда боло баштаса, тезинен дарыгерге кѳрсѳтүү зарыл. Тишинде кѳйгѳйү бар бала психологиялык жактан басынып калышы мүмкүндүгүн адистер айтышат.
Испаниядагы стоматологиялык колледж жетекчиси Оскар Кастро Рейнонун айтымында, тиштин эмалына же мүлкүнө доо кетирген бир катар тубаса оорулар бар.
«Туубаса оорулар тишти саргартып, кээде карартып да жибериши ыктымал. Бул процесс балага ата-эне аркылуу берилет. Ар бир кишинин тишинин ѳңү ар башка болот. Төрөлгөндө эле тиштин түсү кандай болору ген аркылуу келет»,- деген Оскар Кастро Рейно.
Адис тиш пасталардын курамын карап колдонуу керектигин айткан. Мисалы: тишке кара так түшүрбөйт жана саргартпай дегендердин көпчүлүгү реклама кылып акча табуунун жолун каалашат.
«Тиш дарыгерден кеп-кеңеш алып турам»
Ат-Башы районунун тургуну Алия Калыбекованын бир баласы бар, учурда ал кош бойлуу. Ал үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ар эки айда тиш дарыгерден кеңеш алып турат.
«Мен биринчи баламды төрөгөнгө чейин дагы убагында тиш дарыгерге барып, тишиме дагы өзгөчө кам көрдүм. Азыр чоң балам эки жашка чыгайын деп калды, тамак жегенден кийин тишти чайкап туруш керектигин жана өздүк гигенаны сактаганды ага үйрөтүп баштадым. Эрте менен жана кечинде сөзсүз баарыбыз тиш жууйбуз. Күндө кадимки эле кара туз менен тишти чайкайбыз. Башкаларга дагы тиш дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кеп-кеңеш алып турууну жана үй шартында тишти чайкап турууну сунуштайт элем», — дейт Калыбекова.
Өспүрүм кезден тишти өзгөчө таза сакта
Кыргызстандагы айрым мектептерде атайын стоматологиялык каанасы, дарыгери бар, айрымдарында мезгил-мезгили менен тиш дарыгерди чакыртып, окуучулардын тишин текшерип турушат.
Нарын шаарындагы «Билимкана» жеке менчик мектепте тиш дарыгер болуп иштеп келе жаткан Курманжан Сагынованын айтымында, мектепте 220 окуучу билим алат. Ал мектептеги окуучулардын тиштерин текшерип турат.
«Тиш ооруса башка оорулар дагы козголот. Тиште дагы жугуштуу оорулар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биздин мектепке 6 жаштан баштап балдарды кабыл ала баштайбыз. Келгенде эле тишке кандай кам көрүш керектигин гигенаны жакшы үйрөткөнгө аракет кылабыз. Окуучулардын тиштерин бат-баттан текшерип турам. Тиштери тазабы, эч кандай кара так пайда болгон жокпу, баарын текшерем. Эгерде тиш оорунун белгилери байкалса, ыкчам чараларды көрөм. Бизде тиш ооруган балдар көп катталбайт», — деди Сагынова.
Ѳлкөдөгү жеке менчик мектептер эле эмес, мамлекеттик бала-бакча, мектептерге тиш дарыгер алуу керектигин кошумчалады ал.
Тиш – адамдын кѳркү. Тиш оору адамдын айласын кетирип, бушайманга салат. Ошондуктан ар бир адамга ар эки айда тиш дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, туура кам көрүү сунушталат.
Дилде Шатанова