Кочкор районун Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан, климаты оор болгондуктан дээрлик дыйканчылык кылууга болбойт. Эгин, жашылча-жемиштер, мөмө жемиштер райондон ортомчу соодагерлер аркылуу алынып келинет.

Айылда чөп чапкан үч жеңил техника бар

Чөп чабууга техника жетишпегендиктен сырттан эки техника келди

Пресстөө үчүн айылдагы бир техника жетишпей сырттан төрт техника атайын акысына деп чакыртылып келинди

Быйыл жаанчыл болгондуктан кышка тоют жакшы болду

Айыл ичинде бир боо чөп 140-180 сомдон сатылды

Арпа бышпагандыктан айдалган арпаны дан байлаган соң чөп кылып чаап алышат

Чөп чабыктын баасы гектарына 1500-2000сомдун тегерегинде болду

Жайлоодон малдын эрте түшүп келгени чөп жыйноо ишин тездетти

Айылдын мекенчил жигиттери айдоолорду малдан корушууда

Сентябрь аягы чөп жыйноо иши толук аяктайт
Айпери Марлес кызы