Суусамыр айыл аймагынан чыккан активдүү жаштар айылдын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Акыркы өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жаштардын кылып жаткан иштерине бир топ кыйынчылык жаратты.
Спорт…
Стамбул Жаныбек уулу пандемияда спортчулардын көп кыялын артка жылдырууга туура келгендигин айтат:
«Пандемия учурунда көп турнирлер болбой калды. Машыгуу залдары дагы жабык болуп, машыгууга мүмкүнчүлүктөр чектелди. Спортчулар өз алдынча үйлөрүнөн машыгууга мажбур болушту. COVID-19 илдетинин күчөшү спортко терс таасирин тийгизди. Илдеттин азайышы менен акырындан спорттук иш-чаралар уюштурула баштады”.
Билим…
Аида Медетбек кызы борбор калаабызда жайгашкан радиолордун биринде диджейлик кызматты аткарат. Пандемия учурунда жумуш ордунда болгон кыйынчылыктарды төмөндөгүчө айтат:
«Пандемиянын менин жумушума тийгизген таасири чоң болду. Себеби, 1,5 ай иштебей үйдө отуруп калдым. Жумушка чыккандан кийин коомдук транспорт жок бир топ жүдөдүк. Андан сырткары мен иштеген компаниянын каржы маселеси бир топ төмөндөп азыркы күнгө чейин калыбына келбей маяна азайып жатат. Бирок башка мекемелерге караганда бизде иш аз гана убакытка токтоду».
Мындан тышкары Аида Медетбек кызы Суусамыр өрөөнүндөгү окуучу балдарды шыктандыруу максатында интеллектуалдык сынактарды уюштуруп келет. Бирок пандемияга байланыштуу аймакта мындай сынактарды уюштуруу дагы токтотулган:
«Эки жылдан бери Суусамырда «Акыл ордо» таймашынын супер финалын өткөрө албай келебиз. 2020-жылы 5 жылдык юбилейлик иш чарасы болмок эле тилекке каршы өтпөй калды. Жылда тестирлөөдөн окуучуларды тандап алганыбыз менен финалга келгенде мектептер жабылып калып болбой калды. Окуучуларга өтө терс таасирин тийгизди. Үйдө отуруп окуганы аз келгенсип эч кандай мотивация жок болду. Ал эми «Парламент сүйлөйт» долбоору чакан форматта өткөндүктөн оюндары болду, бирок жыйынтык чыкпай калды. Жеңген окуучулар Бишкек шаарына келип КРнын Жогорку Кеңешине барып маалыматтык турга күбө болушу керек эле, Билим берүү министрлигине чейин барып 10 окуучуну алып келүүгө уруксат сурадык, бирок майнап болгон жок.
Эми быйылкы окуу жылында үмүтүбүз чоң, «Акыл ордо» тамырын жайылтып Сокулук районунда да өткөрүлгөн жатат. Былтыр Военно- Антоновка окуу тарбия комплекс-гимназиясында өткөн, бул жылы дагы 6 мектепти камтыйлы деп пландап жатабыз».
Ишкердик…
Алмаз Тураров «Тез там» компаниясынын негиздөөчүсү. 2017-жылдан тарта курулуш тармагында эмгектенет.
Алмаз Тураровдун айтымында пандемиянын тасиринен курулуш материалы кескин кымбаттагандыгына байланыштуу эл куруп жаткан үйлөрүн убагында бүтпөй кыйынчылык жаралгандыгын айтат:
«Тез там курулуш компаниясында 12 бригада иштейт, жалпы 67 жумушчу эмгектенет. 2017-жылдан тарта 100 гө жакын үй курулду. Быйылкы жылдын эсебинен 40 үй салынууда. Учурда Суусамыр айылында дагы 2 үй куруп жатабыз.
Курулуш тармагына пандемиянын тийгизген таасири абдан чоң болду. Баалардын кескин кымбатташы күч алды. Жумушсуздук күч алгандыктан, колу жакшы билген усталар насыяларын төлөө максатында туруктуу жумуш издеп, Россияга кеткендер дагы аз эмес. Пандемия учурунда 7 үй курууга гана мүмкүнчүлүк болду. Убакыттын өтүшү менен баардыгы өз ордуна келип жатат».
Айдана Токтобекова