№17 мектепте шашке чайды даярдоочу жабдык эл аралык уюмдардын жардамы менен алып келинди.
Ашканада иштеген Касымова Дилфуза шашке чай жумасына төрт жолу берилерин айтат, — «Биз тамакты жумасына төрт жолудан, күнүнө ар түрдүү жасап берип турабыз»
«Муздаткыч, газ, булочка бышыруу үчүн дуковка, балдар үчүн раковина жана идиш жуучу раковина алынып келинди. Анда ысык сууну даярдап берүүчү техникасы дагы бар»
«Бул жерде үч жумушчу иштейбиз. Бири бирибизге жардам берип, ынтымактуу иштеп жатабыз,»- дейт Дильфуза.
Үчүнчү классынын окуучусу Токтосунова Асема шашке чайды тоюмдуу эле берерин айтат.
«Кээде суюк тамак кээде аш, булочка, чай жана компот беришет. Кече сорпо, нан, ширин чай берген. Мен тамактарга тоюп жатам,»- дейт Асема.
Автору: Айсулуу Эркинбекова