Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Кароо-сынак райондук билим берүү бөлүмү жана балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулуп, 15 мектептен жана 40тан ашык жаш ойлоп табуучулар катышты.
Райондук балдар билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын айтымында жаш ойлоп табуучулардын эмгектери өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө өбөлгө болот.
«Сынактын негизги максаты-окуучулардын изилдөөчү, таратуучу долбоорлору жана моделдери билим берүүнүн, илимий-техникалык чыгармачылылыктын деңгээлин жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү»,- дейт.
Жобого ылайык жети багыт боюнча өткөрүлүүчү сынакка беш багыт боюнча катышты.
Жаш ойлоп табуучулар бир канча эмгектерин алып келишкен. Малика Эралиева жана Айзуура Кубанычбекова Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучулары. Алар сынакка үй шартында жасалган химиялык жана нукура жер семирткичтерди алып келишкен.
Малика Эралиева: «Химиялык жер семирткичти өлчөмү менен колдонуу керек. Антпесе өсүмдүк өлүп калат. Анткени буга химиялык заттар кошулат» десе, Айзуура Кубанычбекова эч зыянсыз, мөмө-жемиштердин кабыгынан жасалган жер семирткичтин өлчөмү жок эле колдонууга болот. Анткени зыяны жок»,- дейт.
Сынактын жыйынтыгында 5 багытта жаслган иштер боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер боюнча
1-орун: Э.Мейманов атындагы орто мектеби- Мидинов Бакыт Бексултанов Нурсейит Тынчтыкбеков Эрбол.
3-орун: Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби- Эсеналиева Гүлбүбү Сагынбеков Байбол.
Энергия жана энергияны сарамжалдоочу технологиялар боюнча
1-орун: Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби-Бектур уулу Дастан
Советбеков Дин-Ислам, Айылчиев Бекмырза, Сарбагышов Кубат
2-орун: Э.Карасартов атындагы орто мектеби- Уланов Мырза, Уланов Залкар
3-орун: С.Атамбеков атындагы орто мектеби- Мергенбаев Мирбек.
Маалыматтык технологиялар жана программалоо боюнча
1-орун Ж.Сатылганов Сарбагышов Кубат
2-орун Балдардын билим берүү борбору Абдылдаев Айдар
3-орун Балдардын билим берүү борбору Абдылдаев Байбол
Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар боюнча
1-орун М.Базаркулов Асанбек уулу Рахим
2-орун Байымбет атындагы орто мектеби-Майрамбек уулу Даниэл
Дубал газеталардын моделдери боюнча
2-орун: И.Молдобаев атындагы орто мектеби- Марсбекова Нурзада
Сынактын жүрүшүндө калыстар курамы иш алып барды. Жеңүүчүлөр облустук турга катышууга жолдомо алышты.
Аксана Жусупова, Барчын Мамытбекова