Баланы окууга кызыктыруу темасы ар бир ата-энени жана мугалимди ойго салат. Себеби, өлкөдө мектепти бүткөн окуучулардын баары эле кесипке ээ боло бербейт. Алардын айрымдары орто билимди жакшы окубагандыктан келип чыгат. Биз бул жолу баланы окууга кызыктыруу темасы тууралуу кеп козгойбуз.
Баласын билимге кызыктыруу үчүн айласын таппай жаткан ата-энелер четтен чыгат. Алардын бири Балыкчы шаарынын тургуну Анара (каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү). Анын 4чү жана 5-класстагы эки уулу бар. Анаранын айтымында, өзү жана жолдошу көп убактысын жумушта өткөргөндүктөн балдарына көп көңүл бура албайт.
«Башында улуу балам сабактарын жакшы окучу. Кийин чоңойгондо өзгөрүлүп баратат. Сабакка эч кандай кызыгуусу жок. Биз дагы көп учурда үйдө болбой калабыз. Себеби нан табыш керек, балдардын кийим-кечеги, окуусуна акча керек. Ошондуктан, биз дагы иштешибиз керек. Кичүү балам башынан эле сабакка анча көңүлү жок. Же мугалим жакшы сабак өтпөйбү билбейм», — деп түшүндүрдү ал.
Анара балдарынын келечегин ойлоп, кийин борбор калаага көчүп келүүнү ойлоп жатканын айтат.
«Учурда балдарымды кантип сабакка кызыктырсам деп ойлонуп жаткан убагым. Себеби азыркы учурда билимиң болбосо жакшы окуу жайга өтө албайсың, жакшы жумушка кире албайсың. Билимиң жок болсо, бизге окшоп кара жумуштан иштейсиң. Ден соолугуң дагы кетет. Мен балдарымды биздей болуп калышын каалабайм жана башка балдарга дагы каалабайм», — деп сөзүн жыйынтыктады Анара.
Бул бир гана каарманыбыздын окуясы. Анара сыяктуу балдарынын келечегин ойлогон ата-энелер миңдеп саналат. Психологдордун айтымында, аларга балдарынын билим алуу көйгөйлөрүн айтып, миңдеген ата-энелер кайрылат. Алардын көпчүлүгү 9-классты бүтүп эле окуусун таштап койгон балдардын ата-энелери.
«Балага билим жана тарбия берүү ата-энеден башталат»
Психолог Шолпан Мамытова мектеп курактагы балага эң биринчи ата-эне үлгү болуп, көп көңүл буруу керектигин айтат. Анын айтымында, мугалим жана ата-эне баланын жашына жараша мамиле жасап, ар кандай жол менен окууга кызыктыруу керек.
«Окуучу сабакка катышпай, кызыгуусу тарап калганын себеби көп болот. Бала эмне себептен окууга кайдыгер мамиле кылып аткан болсо, анда сөзсүз бир көйгөйү болот. Мисалы, балага ата-эне тараптан кандайдыр бир жардам жоктур. Мүмкүн балага мектептен мугалимдинби, же классташтары тарабынан болобу келишпестик көйгөй болушу мүмкүн. Айрым балдар классташтары тарабынан коркутууларга дагы кабылат. Же мектептен бир мугалим менен келише албай жаткандыр. Ошондуктан, мугалим дагы, ата-эне дагы баланын жашына жараша мамиле кылуу зарыл», — деди ал.
Мамытованын айтымында, сабак окубаган баланын үй-бүлөсүндө социалдык көйгөй жаралып калышы дагы баланын окууга болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизет. Бул учурда окуучу мектепке баргысы келбей, классташтарынан жана мугалимден алыстап калат.
«Кээ бир балдар өтө жоош болот, кээ бирөө шамдагай болот. Өзгөчө жоош балдар көпчүлүк учурда шылдыңга кабылып, түнт болуп кетишет. Мындан улам окуудан артта калып калышы мүмкүн. Мисалы, 1-2-3-4-класстыга балдар сүрөт менен көп иштешсе болот. Ал бала ичиндеги бир көйгөйүн сүрөткө түшүрөт. 5-6-класстагы балдар бул учурда мугалимдин сөзү, эмес классташтарынын сөзү маанилүү болуп калат. Эгер классташтары жакшы окуса анда, бала дагы аларга атаандашып жакшы окуй баштайт. Негизи баланын сабак окуусу баланын жашынан көз каранды. Мисалы бизге ушул маселе менен келгендерди биз дароо эле жашын сурайбыз», — деп түшүндүрдү Мамытова.
Ошондой эле, ал мугалим жана ата-эне окуучуга эч качан кол көтөрбөшү керектигин айтат. Мамытова балага кол көтөрүү баланын кийинки келечегине терс таасирин берерин кошумчалады.
«Ата-эне окумайынча, бала сабак окубайт»
Баланы окууга кызыктыруу үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, атайын «Энелер мектеби» прогаммасын уюштурган. Мадаминов баланы тарбиялоо жана окууга кызыктыруу үйдөн башталарын айтат.
«Баланы окууга кызыктыруу үчүн атайын «Энелер мектебин» уюштурганбыз. Ал аркылуу ата-энелерди бала тарбиялоого тарттык. Үй-бүлөдө энелер бала тарбиясы менен алкетене баштады. Мында 60 сааттык программа менен энелер «Энелер мектебинде» окутулуп, жыйынтыгында экзамен, атайын сынактарды тапшырышып бала тарбиясы, билим баалуулугу тууралуу маалымат алышат. Экинчи бир өзгөчөлүк -азыркы информациялык коомдо аябай маалымат көп болгондуктан балдар кайсыл маалыматты, кайсы китепти алаарын билбей башы чыңалат. Ошол үчүн атайын «Акыл эмгегинин маданияты» деген экинчи сабакты киргиздик. Бул сабактын да атайын программа менен китеби жазылып, жумасына бир сааттан окутулат. Анда балдар көп маалыматтын арасынан негизгисин, зарылын тандап, өз алдынча билим алууга, алган билимин турмушта пайдаланууга үйрөтүлөт», — деди ал.
Мадаминов негиздеген бул программа менен 2016-жылы алгач Баткен облусундагы гимназия иштеп баштап, бир жылдын ичинде чоң ийгиликтерге жетишкен. Башкача айтканда бүтүрүүчүлөр Республикалык тесттен эң жогорку упай алып, жакшы окуу жайга акысыз окууга өтүшкөн. Мадаминовдун айтымында, бул программаны өлкөнүн булуң-бурчундагы ар бир мектепке киргизүүгө болот.
«Биринчи Баткендеги 3-гимназияга киргизип, биринчи бүтүрүүчүлөрүбүздүн бардыгы акысыз окуу жайга өтүшкөн. Азыр эми кээ бир мектептин жетекчилери “ушул прогарммага кантип кирсек болот?” деп кайрылышат. Негизи баары бекер болот. Ар бир мектеп кирсе болот. Бул жерде ата-энелер окуучулар чогуу китеп окушат, ойношот, окуу процесси ар кандай болот», — деди ал.
Дал ушул «Энелер мектебине» Токмок шаарынын Садовое айылындагы Иса Үкүев орто мектеби дагы кошулган. Мектептин директору Замира Мамбетова окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу күчөп, балдар жакшы окуп баштаганын айтат.
«Биз бул программага киргенибизге аз гана убакыт болду. Бирок ошентсе дагы жылыштар көп эле. Такыр сабак окубаган балдар сабакка кызыга баштады десем болот. Ошол эле учурда ата-энелер менен дагы чогуу сабактар өтүлөт, китеп окушат. Ошол эле учурда сабак өткөн мугалимдин дагы тажрыйбасы артат экен. Алар дагы жаңы ыкмаларды колдонуп, сабактарды өтүшөт. Мурда ата-энелер бардык милдетти мугалимге жүктөп коюшчу, азыр эми алар өздөрү дагы ойлонуп калышты. Өздөрү баласынын билим алуусу үчүн өздөрү кошо окуп, билим алып жатышат», — дейт ал.
«Балдарым менен убакыт өткөргөн бакыт»
Жумушка дагы, үй-бүлөөсүнө жана балдарына убакыт бөлгөндөр дагы жок эмес. Мисалы, Бишкек шаарынын тургуну Нурила Абдыбекова АРИСте иштеп, жумушу көп болсо дагы күндө бир канча саатын балдарына бөлөт. Анткени ал балага жакшы билим берүү жана тарбия берүү бул ата-эненин дагы чоң жоопкерчилиги катары көрөт.
«Менин үч балам бар, экөөсү мектеп жашында болсо, кичүүсү бала-бакчага барат. Борбордогу эле жөнөкөй кыргыз тилдүү мектепте билим алышат. Балдарымды окууга кызыктыруу үчүн 4-5 ыкманы колдоном. Кызым китепти көп окусун, кызыксын деп атайын Телеграм канал ачып бергем. Ал жактан кыргызча, орусча жомокторду окуп киргизет. Анан акцияларды, сынактарды уюштуруп, байге коюп берем. Ошолорду уюштуруп турат. Анан балдарымдын “жеңиштер күндөлүгү” деген күндөлүктөрү бар. Ага күндө эмнеге жетишти ошолордун баарын жазып турушат. Анан мектептен алган баалары үчүн жумалык рейтинг уюштуруп турабыз», — дейт ал.
Ошондой эле, Абдыбекова эс алуу күндөрү сөзсүз түрдө үй-бүлөсү менен өткөрөт. Алар бул күндү «үй-бүлөлүк күн» деп атап алышкан.
«Менин жумушумда деле иш көп, бирок жумуштан кийин үйгө барып сөзсүз түрдө балдарыма убакыт бөлөм. Алар менен чогуу сүрөт тартып, чогу китеп окуп сабактарына чогуу даярданабыз. Анан алтынчы, дем алыш күндөрү парктарга барып сейилдейбиз, кээде топ ойнойбуз, кээде жөн эле таза абада басып деп алабыз. Бул күндөр биздин үй-бүлө үчүн бакыт», — дейт Абдыбекова.
Дилде Шатанова