Кыргызстанда жыл сайын 5500 адам кургак учук оорусу менен катталат. Анын ичинде 500 адам кургак учуктан каза болот. Бул илдетке чалдыккан адам жылына 10-15 адамга жуктурушу мүмкүн. Ооруну алдына алуу туурасында Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун фтизиатры Толгонай Аманбаева айып берет.
24-март кургак учукка каршы күрөш күнү. Себеби 1982-жылы дал ушул датада немец окумуштуусу Робер Кох бул таякчаны тапкан. Мунун алкагында дүйнө жүзүндө март айы кургак учукка каршы күрөшү айлыгы жүрөт. Айлыктын алкагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Кургак учук оорусу туурасында эмне билүү керек?
— Кургак учук инфекциялык жугуштуу оору болуп саналат. Бул ооруу аба аркылуу берилет. Баарыбыз бир аба менен дем алгандыктан бул адам же тигил адам бул ооруга чалдыкпайт деген эч кандай кепилдик жок. Буга чейин көпчүлүк жашоо шарты начар үй-бүлөлөр гана бул илдетке чалдыгат деп ойлоп келишсе учурда ар бир жаран бул оору менен ооруп калуусу мүмкүн. Кургак учук таякчалары өтө кичне болот. Негизи оорунун булагы болуп өпкөнүн ачык түрү менен ооруп калган адам эсептелет. Мындай адам сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, ырдаганда шилекей аркылуу абага тарап, каалгып учуп жүрөт дагы көп убакыт сакталат. Ал эми башка адамдар дем алганда ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок, жуктурган адам сөзсүз эле ооруп калбайт. Кургак учуктун өөрчүшүнө ыңгайлуу шарттар керек. Аны социалдык жана медициналык шарттар дейбиз. Социалдыкка жашоо шартын начардыгын, иштеген жериндеги шарттын жоктугу кирет. Медициналык шартка болсо, көбүнчө өнөкөт оорулар, кош бойлуулук, ара кечтик(наркотикалык заттарды колдонуу) жана адамдын иммундук абалы таасир тийгизет. Учурда эпидемиологиялык абал курч. Дээрлик 95% адам бул таякчаларды жуктуруп алган.
Кургак учуктун кандай түрлөрү бар, бизде көбүнчө кайсы түрү кездешет?
— Кургак учук бир гана өпкөнү эмес, башка органдарды дагы жабыркатат. Өпкөнүн кургак учугу эпидемиолгиялык абалды курчутат. Кургак учук баштан баштап буттун учуна чейин бүт жерде болот. Көздүн, кулактын, теринин, ички органдардын бардыгында, жыныстык органдарда дагы кездешет. Кургак учуктун өрчүш татаалдыгы акырындык менен ооруну козгогондугунда. Анткени оорунун белгилери акырындан билинип, башында билинбей жүрө берип оору күчөп кеткенде кайрылышканында.
Оорунун белгилери:
-Өпкөнүн кургак учугунун белгилери сасык тумоо жана өпкөнүн өнөкөт ооруларына окшошуп кетет. Ошентсе дагы, 2 жумадан ашык жөтөл, көкүрөктүн оорусу, узак убакыт боюу түнкүсүн жөтөлүп чыгуу, дене табынын жогорулашы көбүнчө түнкүсүн, шалдырап, алсыроо, тердөө, салмактын азайуусу, тамакка болгон табиттин жолуусу, көңүл коштук белгилери кургак учуктун негизги белгилери.
Кургак учуктан дарылоо кандай жүрөт?
— Кургак учукту аныктоо жана дарылоо бекер. Даарылануу болушунча эртерээк башталса, дарылоо толук айыкканга чейин үзгүлтүксүз болсо, берилген дары-дармектерди убагында үзбөй ичсе кургак учук толук айыгат.
Дарыга туруктуу кургак учук деген эмне жана бул эмнеси менен айырмаланат?
— Даарыланууну үзгүлтүккө учуратуу кургак учуктун дарыларга туруктуу түрүнүн өнүгүшүнө алып келет. Аны дарылоо узакка созулат 2жылга чейин. Кургак учуктун сезимтал түрү менен дарыга туруктуу турүндө тең оорунун белгилери, башкаларга жугузуу шарттары бирдей эле. Эч кандай айырмасы деле жок. Дарылоо узактыгы менен эле айырмаланат.
Кургак учукка COVID-19 кандай тааси тийгизди?
— Ковид-19 учурунда бизде кургак учукка кабылган учурлар азыраак катталды. Бул деген кургак учук азайып жатканы деп айтсак болбойт. Тескерисинче бул бизди тынчсыздандырат. Пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр ооруну убагында аныктоого таасирин тийгизди. Ошондой ковид-19 менен кургак учуктун белгилери окшошуп кетип жатканы жана бир учурда 2 инфекция тең адамда болгон болсо, оору оор түрдө өтүп өлүм учурлар дагы катталып калды.
Кургак учуктан кантип сактанса болот?
— Негизги ооруну алдына алуу болуп ооруну убагында аныктан, дарылоону эрте баштоо эсептелинет. Ошондой эле ооруп калбаш үчүн организмдин коргоо күчтөрүн жогорулатуу жана сергек жашоо адаттарын сактоо керек. Спорт менен алектениңиз, сапаттуу азыктар менен тамактаныңыз, жашаган үйүңүздү иштеген жериңизди желдетип туруңуз(шамалдатып), тамеки, спирт ичимдиктери, баңги заттарды колдонбоңуз, көчөдө жүргөндө коомдук жайларда какырып, түкүрбөңүз.
Айгерим Кубатбекова