“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата – бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхый жолундагы руханий табылга.
Улуу мурасыбызды унутта калтырбастан элибизде гана эмес башка мамлекеттерге “Манас” эпосубузду таанытуу, даңазалоо багытында иш – чаралар уюштурулуп, КТРКнын «Манас таануу» интеллектуалдык берүүсү, Баластан телеканалынын жетекчиси Кундуз Аманованын демилгеси менен “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын 11 жылдан бери жүргүзүп келишүүдө.
Окуучулар арасында үчилтик эпосту окуп чыгып, ийгиликтерди багындыруу, билимге умтулуулары бийик болсун деген максатта райондор арасында “Манас таануу” таймашын уюштуруп, ийгиликти багындырган мектептердин тайпалары облустук, республикалык турларга жолдомо алышат.
Бул жолу “Манас таануу” таймашы Чүй облусунун Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаеванын колдоосу менен Сокулук районунда 37 мектептин арасында тандоо туру болуп өттү. Тандоо турунда Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Венера Асанова, Чолпон Ишеналиева, Алтын Орозалиева жана Кенже Рысалиева уюштурушуп, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунан суроолорду беришти. Сынакка ар бир мектептен 3 окуучу катышышты.
Суроолорго жооп берүү үчүн 2 мектептен, 3 окуучудан турган тайпалары чыгып, берилген суроолорго жооп берип жатышты, тайпадагы окуучулар суроолорго жооп бере албай калган учурда атаандаштары жооп берип, толуктоо жасашты. Даярдык көрүү жана тандоо туру жогорку деңгээлде өтүп, 37 мектептин ичинен экинчи баскычка 22 мектеп тандалып алынды.
Таймаштын экинчи баскычы Сокулук райондук Экологиялык – экономикалык мектеп лицейинде болуп өттү. Таймашка Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Венера Асанова, КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы төш белгисинин ээси, Фрунзе айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты, республикалык “Манас таануу” секциясынын жетекчиси Чолпон Ишеналиевалар байкоочу болуп олтурушту.
Кыргыз Улуттук Манас театрынын директорунун орун басары, “Манас таануу” интеллектуалдык теле долбоорунун редактору Нурбек Талантбеков, азыркы замандын мыкты манасчы Төлөбек Муса уулу калыстар тобунда олтурушуп, азыркы замандын мыкты манасчысы Бакыт Самудиновдун үчилтиктен берген суроолорунун негизинде окуучуларды баалашты.
Манастап ураан чакырылып, окуучулар “Манас” айтышып, таймашты ачып беришти. Сөз Сокулук районунун Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Венера Асановага жана келген конокторго берилди.
Таймашка топтордон 2 мектептин окуучулары чыгып таймашышты. Тайпаларга үчилтиктен бештен суроо берилип, жооптор алынып, калыстар тобу кээ бир жоопторго толуктоо киргизип жатышты. Калыстар тобу окуучулардын суроолорго жооп бергендерине жараша упай берип, жыйынтык чыгарышты.
Жыйынтыгында: 1 – орунду Военно – Антоновка мектеп – лицейинин “Данакер” жана “Эрен” топтору, 2 – орунду Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын “Жетиген” тобу, 3 – орунду Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин “Манас” тобу багындырышты.
Таймаш учурунда окуучулар изденүү, кызыгуу менен таймашка жогорку деңгээлде даярданып келишкени көздөрүнөн байкалып жана көрүнүп турду.
“Манас таануу” интеллектуалдык таймаш Сокулук районунда биринчи жолу уюштурулуп жатса да эң жогорку деңгээлде өттү.
Жыйынтыгында сөз Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Венера Асановага берилди. Венера Асанова таймашка катышкан ар бир мектептин окуучуларына жана талыкпай эмгектенген мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, үчилтикти окуп чыккан ар бир окуучу чыныгы чыгаан инсан деп бааласа болорун белгилеп, ар дайым билимдүү, илимдүү жана жигердүү окуучулардан болушун каалоо менен бирге, жигердүү катышкан 22 мектептин топ башчыларын чакырып Сокулук райондук “Ардак грамота” тапшырылды.
Андан соң Чолпон Ишеналиева жалпы катышуучуларды “Манас таануу” интеллектуалдык таймаш өтүү биздин район үчүн чоң майрам, майрамыңыздар менен деп чын жүрөктөн куттуктап, ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнүнөн Манас орун алсын жана ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү “Манас” деп соксун!-деп:
“Кымбаттуу Сокулук районунун балдары , Манастагы ар бир сап жүрөгүңөрдө кыттай уюсун!
Алтындай болгон убактыңырды бөлүп келип, интеллектуалдык таймашты өткөрүп, калыстыкты как жарып олтурган калыстар тобуна, манасчыларга да ыраазычылык билдирүү менен бирге окуучуларды, жалпы жумурай – журтту манастын тили, дили менен сугарып жүрө бериңиздер”,- деген тилегин айтты.
Жеңүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшыруу үчүн сөз Улуттук Манас театрынын директорунун орун басары, “Манас таануу” интеллектуалдык теле долбоорунун редактору Нурбек Талантбековго берилди. Нурбек Талантбеков алгач өз сөзүндө алгач катышуучулардын ар бири чыныгы патриот окуучулар деп баса белгилеп, буйруса акыркы 10 жылда “Манас” эпосун коңшу мамлекеттерде окуу менен бирге ЖРТ дагы суроолорго үчилтиктин суроолору кирип, ар бир мамлекеттик кызматкер ишке кирүү мөөнөттөрдө “Манас” эпосу боюнча сынак тапшыруу деңгээлине жетебиз деген оюн айтты. Ар бир инсан “Манас” эпосун жүрөгүнүн түпкүрүндө эпосту сүйүп окуп, чечмелеп биле алса, ал инсан сөзсүз бактылуу, туруктуу жана ийгиликти багындырган инсан болот деген каалоосу менен ийгилик каалады. Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Лира Сыдыкова менен Нурбек Талантбеков таймашта мыкты көрсөткүч көрсөткөн 1 – 2 – 3 – орун алган мектептердин окуучуларын жана мугалмидерин “Диплом” жана баалуу белектер менен сыйлашты.
Айдай Джолчубекова, Айсулуу Нурматова