Чүй облусунун Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына арналган иш — чара болуп өттү.
Иш-чара үч этапта болуп өттү. Биринчи этабы улуттук тамак — аш көргөзмөсү, экинчи этабы улуттук оюн — зоок, каада — салттарды чечмелеп, көрсөтүп берүү, сценка аткаруу болсо, үчүнчү этабы сармерден болду.
Кыргыз элинин көөнөрбөс салттарынын бири болгон кыз-жигиттин айтышы “Сармерден” оюну 2022-жылдын эсебинен алгачкы айлампасын баштаган. Оюн-концертке зал толо көрүүчүлөр батпай, абалкы салтты улап келе жаткан таланттарга алакан чаап ыраазылыгын билдиришти.
Кыз-жигиттер “Сармерденди” “Кыздар ай, Балдар ай” ыры менен башташты. Андан соң эки тарап тең “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, концерт обондуу ырлар, макал-лакап жана жаңылтмач айтышуу, каада салт көргөзүү менен уланды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөсү башталгыч класстын мугалими Сонунбүбү Жумадылова сөз сүйлөп, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү. “Биздин мектепте таланттуу окуучулар көп. Талантыңарга таазим. Ошону менен катар эле кирип келген кыргыз элинин жаңы жылы Нооруз майрамыңар кут болсун. Бул жыл силер үчүн ийгиликтердин жылы болсун. Бүтүрүүчүлөрүбүз ЖОЖына өтүүсүнө тилектешмин. Бүгүнкү Сармерден да эң жогорку деңгээлде өттү”, -деп сөзүн жыйынтыктады.
Окуу бөлүм башчысы Айдай Джолчубекованын сөзү биздин мектеп ар тараптуу таланттарга бай. Кече жакында эле Сокулук районунун мектептеринин арасында Манас таануу интеллектуалдык оюнунда 47 мектептин ичинен үчүнчү орунду алды. Окуучулардын жетишкендиги бул мугалимдердин жетишкендиги. Өлкө келечегин өргө сүйрөйбүз деген окуучуларга билимин берип талыкпай иштеп келе жаткан мугалимдерибиздин иштеринде ийгиликтер болсун деп талыкпай эмгектенип жаткан мугалимдерди да майрамдык маанай тартуулоо багытында ардак грамота менен сыйлап алсак деп мугалимдерибизге Ардак грамоталарын тапшырды.
Сармердендин жыйынтыгында жеңиш балдар тарапка ооп 71 упай топтоп көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Жеңүүчүлөр диплом, ардак грамота менен сыйланды.
Сармерденде эрке баланы тарых мугалими Казакбаев Абдыразак ал эми шайыр жеңени тарбия бөлүм башчысы Үсөнкулова Нуржан жетектеп алып барышты.
Аида Раджабова, Мээрим Арыкова