Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде 18-март күнү медиа борборлордун ыктыярчылары үчүн атайын экскурсия уюшулду. Бул экскурсияга Нарын районундагы иш алып барган 14 медиа бурчтардын жана 3 жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери, ыктыярчылары чакырылган.
Экскурсия Нарын райондук администрациясынын башчысынын орун басары Анара Орозказиева жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Сабира Сыдыкбаева тарабынан уюшулган.
Экскурсия Борбордук Азия университети менен тааныштыруу, ыктыярчыларга кесип тандоого багыт берүү жана катышуучуларды университеттин медиа студиясы менен тааныштыруу максатын көздөгөн.

БАУ боюнча экскурсияны университеттин коомчулук менен байланыштыруу өкүлү Акылбек Чымырбаев өткөрдү
Акылбек Чымырбаев ыктыярчыларга университеттин тарыхынан баштап, инфратүзүмү, лабораториялары, студенттери, окутуучулары жана окуу шарттары тууралуу кенен маалыматтарды бере алды. Катышуучулар өз кезегинде суроолоруна жооп ала алышты.

Нурсултан Станалиев БАУнин коммуникация жана медиа бөлүмүнүн окутуучусу

Медиа кабинети
Университеттин жаңы ачылган медиа кабинети ыктыярчылардын кызыгуусун жаратты. Медиа кабинетиндеги аудио, үн жаздыруу жана ТВ студияларында ыктыярчылар менен тажрыйба алмашуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, алдыга пландар түзүлдү.

«Достук» медиа бурчунун жетекчиси Бурулсун Мамбетова
«Бүгүнкү экскурсия ыктыярчыларды шыктандырып, келекке көз караштарын өзгөрттү. Катышуучулар жеке эле бүтүрүүчү эмес, 7-10-класстардын окуучулары да бар. Алар азыркы учурда дүйнө таанымы өсүп жаткан учур, ошондуктан аларга кошумча жаңы маалыматтарды берип, көз караштарын өзгөтө турган нерселерге басым жасашыбыз керек. Окуучулар өзүлөрүнө керектүү маалымат ала алышып, шыктанып, алдыга жашоолорун өзгөртө турган пландарды коюшту деп ишенем»,-деди Бурулсун Мамбетова.
Акылбек Чымырбаев мындай экскурсияларды байма-бай өтүп турушарын баса белгиледи. Анын эң негизги себептеринин бири окуучуларга кесип тандоого багыт берүү болуп саналат. Мындан тышкары келген меймандарга мастер класстарды уюштуруп, студенттерди айылдарга «Talking and Speaking club» аталышындагы чет тили боюнча тажрыйба алмашуу максатында жиберип турушаары маалым экендигин айтты.
Эркеайым Замирбек кызы