Эхинококк ыйлаакчасынын өт жолдорун кысуусунан оорулуу саргарып кетиши да мүмкүн. Айрым убактарда эхинококк ыйлаакчасына микробдун кирип кетишинен ал ириңдейт. Мындай учурда адамдын абалы начарлап, дене ууланат, оорулуунун температурасы көтөрүлөт. Өз убагында операция жасабаса эхинококк ыйлаакчасы жарылып, өлүм коркунучу туулат.
Эхинококк ыйлаакчалары боордо эле өспөстөн, кээде бир эле убакытта өпкөдө, көк боордо, ичегилерде, карында жана башкалар болушу мүмкүн. Өпкөнүн эхинококкозунда эхинококк ыйлаакчасы боордукунан тез өсөт. Бир-эки жылдын ичинде эле чоңоюп кетет. Өпкө эхинококкозунда алгачкы убакта анчейин деле белгиси байкалбайт. Кээде анча-мынча жөтөл болушу мүмкүн. Ыйлаакча чоңойгон сайын өпкөнү кысып, оорулуу жөтөлөт, кээде кан аралаш какырат. Оорулуунун дем алуусу начарлап басканда, оор жумуш аткарганда демигет. Ыйлаакча жайгашкан өпкөдө оору пайда болот.
Барчын Мамытбекова