Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Мектеп окуучулары айылдын тазалыгына салым кошууда

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин окуучулары айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, тазалоо үчүн ишембилике чыгышты. Алар мектептин айланасын, тиешелүү көчөлөрдү жана арыктарды, эс алуучу жайларды тазалашты.

Көк-Жарда китеп окурмандар менен иш чара өттү

Көк-Жар айылындагы Т.Арунов атындагы айылдык китепканада Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш чара өттү. Анда  айылдагы активдүү китеп окурмандарга китепканадагы адабий китептер тууралуу маалымат берилди.

Көк-Жардагы паркка теректин көчөттөрү отургузулду

Көк-Жар айыл өкмөтүндө эки күндүк жаанга карабай айылда ишембилик болуп, арыктар чабылып, көчөлөр тазаланып, иретке келтирилди. Ишембиликтен кийин окуучулар менен бирдикте  айылда бир нече убакыттан бери каралбай калган паркка 300 …

Балдар музыкалык мектебинин “Күттүргөн жаз” концерти айылдарда коюлду

Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата айылдарга концерттик программа менен Терек, Байгөнчөк айылдарына  гастролдорго чыгышты.

“Жаш өспүрүмдөрдү турмуштагы терс адаттардан алыс кармоо”

Мына ушундай аталыштагы иш-чара менен социалдык педагогдордун быйылкы окуу жылындагы семинары жыйынтыкталды. Бул жолу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде болуп, ага билим берүүчү мектептердеги бардык  социалдык педагогдор катышып, ар …

Жаңы-Талаптын жашоочулары таштандыларды тазалашты

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында жашоочулар, окуучулар жана мугалимдер  жазга карата ишембилик өткөрүшүп, көчөлөрдү, мекемелерди  таштандылардан тазалашты.

«Акмөөрдүн сиңдилери» элдик тобу Түркиядагы фестивалга барат

Ак-Талаа районунда мындан 17 жыл мурда жалаң айымдардан турган “Акмөөрдүн сиңдилери” тобу түзүлгөн. Бул жылдарда аталган топ республиканын аймагындагы маданий жайларда бир нече ирет концерттик программаларын менен ар кандай сынактарга …

Баетовдо окуучулар аралык 13-спартакиаданын биринчи туру болуп өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде спорттун күрөш, шахмат, стол үстүндөгү теннис, ордо, түрлөрү боюнча окуучулардынр айондук 13-спартакиадасы болуп өттү. Ага райондун аймагында 18 орто мектептин окуучулары катышты.

Сүрөт баян: Баетовдо мектеп рекетчилиги тууралуу тегерек стол болду

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелер жана окуучулар менен бирге мектеп рекетчилиги туурасында талкуу болду. 

Баетовдо окуучулар Элдик революциянын 7 жылдыгын эскеришти

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 7-апрелге карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. “Эр төрөгөн эр өлбөйт” деген аталышта Баатырлар залы уюштурулуп, анда курман болгон кыргыз уулдарынын сүрөттөрү коюлду.

“Түбөлүк таазим силерге, апрель баатырлары”

Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде Элдик революциянын 7 жылдыгына карата мугалимдер жана окуучулар менен бирге “Түбөлүк таазим силерге, апрель баатырлары” деп аталган иш-чара өттү. Алгач курман болгондордун арбагына багышталып …

Баетовдо элдик революциянын 7 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү

Бүгүн Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Ыйман, адеп жана маданият жылына” жана Элдик революциянын 7 жылдыгына карата “Туугандуу бийде ыйман жок” жана “От тамган онунчу жыл” аттуу поэзия кечеси болду.

Баетов: Өнөр, билим аркылуу өрнөк көрсөтөбүз

Ак-Талаа районунун маданият үйүндө “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамааты даярдаган отчеттук концерти болду.

Конорчоктогу мектепте мыкты көрсөтмө куралдардын сынагы өттү

Ак-Талаа районундагы Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде эң мыкты көрсөтмө куралдардын сынагы болуп өттү. Ага мугалимдердин фантазиясынан жаралган сабакка колдонуучу оригиналдуу жасалган ар кандай кыймылдуу көрсөтмө куралдар коюлду.

Сүрөт баян: Бала бакчанын кенже кызматкерлеринин «Сармерден» таймашы болду

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында кенже кызматкерлер арасында “Сармерден”  өнөр оюнун өткөрүү салтка айланып баратат. Бул жолу Баетов айылындагы Д.Ажиев  атындагы клубда аталган өнөр оюнунун экинчи айлампасы болду.

Баетовдо ден-соолук күнүнө карата волейбол оюну өттү

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Ага жалпы жети команда катышты.

Баетов айылында 300 тоннага жакын кар чыгарылды

Быйыл мурдагы жылдарга  салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду. Мындай  учурда  айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, …

Эрте никеге жол бербөө керек!

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-11-класстын кыздары жана ата-энелер, райондогу орто мектептердин тарбия иштерин уюштуруучулары, социалдык педагогдордун катышуусунда “өспүрүм кыздардын укугун коргойбуз — эрте никеге жол бербейбиз” аттуу лекция-талкуу …

Баетовдо кыз-келиндердин кезектеги оюну болуп өттү

Баетов айылындагы Бейшеналиев мектебинде райондогу мекеме-ишканалардагы кыз-келиндер арасында өтмө кубоктун кезеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу жети команда катышып, аны райондук балдарга Билим берүү борборунун эмгек жамааты уюштурду.

Алыскы айылдагы сүрөтчү мугалим эже Алтынай

Алтынай Шыгаева Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев орто мектебинде сүрөт сабагы мугалими болуп эмгектенип келе жатканына 12 жыл болду. Бул жылдары иштеген ишинде  бир топ ийгиликтерди жаратып келет.

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...