Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин окуучулары айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, тазалоо үчүн ишембилике чыгышты. Алар мектептин айланасын, тиешелүү көчөлөрдү жана арыктарды, эс алуучу жайларды тазалашты.

Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Г.Мамытбекованын айтымында, бул иш жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча бир айлыктын алкагында журүп жатат.
Ошондой эле мындай иштер окуучуларды эмгекке тарбиялоо максатын камтыйт. Ар жуманын ишемби күнү окуучулары ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин жасашат. Ал эми убактысы болгондо гүл айдашат.
Эң башкысы окуучулар билим алып жаткан мектептин жана жашап жаткан айылдын экологиялык жана санитардык абалынын жакшырышына салым кошушту.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай