Сокулук районунун Жал айылында компьютер клубу 2008-жылдан бери иштеп келет. Бул клубдун ичинде тенис жана сүрөт залдары бар.
Саламат Турапов компьютер клубун 2008-жылы ачкан. Клубда ал айыл тургундарынын сүрөттөрүн арзан баада кагазга басып чыгарып берет.
«Жалаң айыл тургундары эмес, коноктор ксерокөчүрмө, сүрөт чыгаруу үчүн келишет. Компьютер клубда жалпы зал, тенистик зал, сүрөт зал жана сүрөткө түшүү залы бар», — деди Турапов.
Андан тышкары клубдун кызматкерлери мектепте, бала бакчада, тойлордо видео тартуу кызматын көрсөтүшөт.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Ууржан Молдокулов.
Монтаж: Дастан Жаркымбаев.