Орок айыл аймагындагы №7235, №7236, №7237, №7406 УШК 2020- жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутарын шайлоо күнү болуп өттү.
№7236 УШК мүчөлөрү иш ордунда
Молдокулова Зарина партиянын ишенимдүү өкүлү-
«Шайлоо жакшы, тынч өтүп жатат. Байкоочулар, ишенимдүү өкүлдөрдүн көз карашында мыйзам бузуулар байкалган жок. Шайлоочулардын келиши активдүү. Эл үчүн тынч өткөнү жакшы. Меним оюмча шайлоочулар өз талапкерлерине добушун берүү 50% жетип калды»,- деди.
Идентификация өтүп жаткан учурда
Суханалиев Уланбек №7236 УШКнын АСУ оператору-
«Мен бүгүн урнадага бюллетендерди туура салуусун көзөмөлдөп, өз ишимди жоопкерчилик менен так аткаруудамын. Техникалык каражаттардын себебинен эртең менен саат тогузда кичине кыйынчылыктарды жаратты. Ошол мезгилде шайлоого келген жарандар топтолуп күтүп калды, бирок тез арада көйгөйдү чечип ишибизди уланттык. Азыркы убакытка шайлоо иши 50%дан ашып калды. Эл дагы эле келүүдө. Кечки саат сегизге чейин элдин келишин күтөбүз. Андан кийин жыйынтыгын чыгарабыз. ЖК депутаттыгына акылдуу, ыймандуу, элдин жашоо- тиричилигин оңдогон, Кыргызстандын келечегин көтөргөн азаматтар келишин тилейм. Бүгүнкү шайлоодо эл тандайт»,- деп айтты.
Температура текшерген соң, дарыгер берген бет капты жана кол капты кийүү учуру
Карыпбаева Гүлүмкан- «Кыргызстан»партиясынын ишенимдүү өкүлү-
«Биздин Жогорку жана Төмөнкү Орок айылынын тургундары Ленин районунун №90- толук эмес орто мектебинде жайгашкан №7406 УШК келип өз добуштарын өздөрү тандоодо. Байкоочулар, ишенимдүү өкүлдөр УШКда шайлоонун жүрушүнө башынан баштап катышып отурабыз. Өтө одоно бузуулар байкалган жок, бирок компьютерлердин иштешинде кыйынчылыктар болду. Ал интернетке байланыштуу. Комиссия мүчөлөрү ишин жакшы алып барууда шайлоо тынч өтүп жатат. Добуш берүүчүлөрдүн саны 60%га жакындап калды»,- деди ал.
Тизмеден тактоо жана бюллетень алуу
Сатымбеков Нурлан партия өкүлү-
«Шайлоо мыйзам чегинде жакшы өтүп жатат. Мен айтаар элем шайлоого келиш керек, ар бир адам келечек үчүн акчага сатылбай өз добушун берүү үчүн . Жал айылындагы 2- УШКда апараттардын иштебей калышына байланыштуу эл 15- 20 мүнөттөй күтүп калышты. Элдин убактысы биз үчүн эң маанилүү. №7236 комиссия мүчөлөрү тез аранын ичинде кошумча апараттарга туташтырып иштерин улап кетишти. Бул кемчиликтер УШК мүчөлөрүндө эмес, мамлекет тарабынан дагы көзөмөлдөнүп каралса жакшы болот. Шайлоонун жыйынтыгында жеңүүчү, жеңилүүчү болот. Ошондо эки тарап бири- бирин түшүнүп кабыл алышы керек. Чыр- чатактан алыс.»- деп айтып кетти.
Асанбекова Шейшегүл №7236 УШКнын төрайымы-
«Бүгүн бизде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Биздин тизмеде 1378 шайлоочу бар. Ушул маалда 51%га элдин катышуусу болду. УШКнын мүчөлөрүнөн тышкары ар бир саясий партиянын ишенимдүү өкүлү, байкоочулар катышышты. Мисалы «Ата- Мекен», «Республика», «Биримдик», «Кыргызстан», «Реформа», «Мекеним Кыргызстан». Төрайым катары айтсам, шайлоочулар активдүү, эртең мененки саат сегизден баштап келип өз добуштарын берип жатышат. Шайлоочуларга сунушталган талаптарын крсөтмөлөрүн санитардык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоонун чаралына эл түшүнүү менен мамиле кылышты. Дарыгерлер өз убагында келген шайлоочуларга бет кап, кол кап таратып температурасын ченеп турушту. Бардык кыргыз элиме ден- соолук жаны тандалган депуттар элдин ишенимине жарагандай болсо деп ойлойм»,- деп кетти.
Марат Омуралиев, партиянын ишенимдүү өкүлү-
«Мына бүгүнкү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнүн иш жыйынтыгы чыкты. Мыйзам бузуу болгон жок. УШК мүчөлөрү өз иштерин жоопкерчилик менен эртен мененки саат 8:00- кечки 20:00 чейин аткарышты. Эл өздөрү каалаган талапкерлерине добушун бере алышты»,- деп кетти.
Майя Маделиева Орок айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучусу-
«Орок айыл өкмөтүндө сегиз айыл, төрт УШК бар. №7235 УШКда шайлоочулардын саны- 1893, №7236 УШКда-1378, №7406- 1771 шайлоочулар бар. УШК бүгүнү шайлоо тынч өттү. Элдин шайлоого катышуусу 60% түздү. Айта кетсем №7235 УШКнын:
Добуш бергендердин саны: 993
Жарактуу бюллетендин саны: 970
Жараксыз бюллетендин саны: 23
№7236 УШКнын:
Добуш бергендердин саны: 882
Жарактуу бюллентендин саны: 861
Жараксыз бюллетендин саны: 21
№7237 УШКнын
Добуш бергендердин саны: 1136
Жарактуу бюллентендин саны:1119
Жараксыз бюллентендин саны:17
№7406 УШКнын:
Добуш бергендин саны: 1023
Жарактуу бюллентендин саны: 1008
Жараксыз бюллентендин саны: 15
Азыркы учурда ушундай жыйынтыкка ээ болдук. УШКнын төрайым, катчы, мүчөлөрүнө, даарыгер ошондой милиция кызматкерлерине шайлоо ишине өз салымын кошконго ыраазычылыгымды билдирем», — деп оюн билдирди.
Шайлоочу: «Шайлоо кабинасына өздөрү ручка көтөрүп келип шайлап жатышты»
Динара Султаналиева