Шайлоо участкасынын босогосун биринчи жолу аттап жаткан Барскоон айылынын жаш шайлоочусу Азамат Таабалдиев шайлоо учурундагы кемчиликтер жөнүндө оюн ортого салды.
«Мен биринчи шайлоого катышып жаткандыктан, көп шарттарын деле билбейт экенмин. Бирок көптөн бери ойлонуп атып татыктуу талапкерди шайлай алдым деп эсептейм. Мени шайлоо учурунда капаланткан нерсе элдин ойлонуусу болду. Анткени, шайлоо кабинасына өздөрү ручка көтөрүп келип шайлап жатышты. Бирок ал бюллетень жараксыз деп бөлүнүп калганын көрдүм. Айтып түшүндүрө албай койдук».
Парламенттик шайлоо пандемия учуруна туш келгендигине байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелерди сактоого туура келди. Аралыкты сактоо, бет кап, кол кап кийүү менен бирге шайлоочулар добуш берип жатышты. Алгач шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын салтанаттуу гимни менен ачылып, айылдын эң сакалдуу жана эң жаш шайлоочусу биринчилерден болуп бюллетень салышты. Айылдын ак сакалы, биринчи шайлоочу Курманкалый Дүйшөкенов талапкерлигин койгон партияларга ак батасын берди. Биринчи шайлоочуларга айыл өкмөт тарабынан даярдалган белектер берилип, жалпы шайлоочуларга эшик ачылды.
«Шайлоого аттанган талапкерлердин ак жолдору ачык болсун. Элиме кызмат кылган эр азаматтардан болушсун. Элдин көйгөйлөрүн чече билген депутаттардан болушсун. Мындан тышкары элимде токчулук болсун, тынччылык болсун. Бүгүнкү шайлообуз ынтымакта, элдин биримдигинде тынч өтүшүнө тилектешмин».
Пандемия учурунда туш келген шайлоого элдин коопсуздугун, саламаттыгын сактоо максатында бардык эрежелер каралгандыгын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого толук кандуу катышуусуна бардык шарттар камсыздалгандыгын №3198 шайлоо участкасынын төрайымы Нуржамал Эралиева билдирди. Мындан тышкары, шайлоого келген жарандардын тизмеден чыкпай калган учурлары да катталып шайлоого катыша албай калгандыгына капа болушту деп кошумчалай кетти.
«Бүгүнкү күндөгү шайлоо жакшы өттү. Элдин маанайы дагы жакшы болду. Ар ким өз тандоосу менен шайлай алышты деп ойлойм. Мыйзам бузуулар катталган жок. Болгону тизмеден чыкпай калган жарандардын шайлоого катыша албай калганы гана өкүнүчтүү болду. Калган көйгөйлөрдү ордунда эле чечкенге аракет кылдык. Шайлоочулардын маанайлары мыкты. Буюрса кечки саат сегизе шайлоону жыйынтыктоо бөлүгүнө өтүп санап, бюллетендерди таңып шайлоону жакшы маанайда жыйынтыктайбыз деген ойдомун».
Акталаада урналар бюллетенди кабыл албай ыңгайсыздык жаратты
Гүлкайыр Осмоналиева