Карасаев айыл өкмөтү боюнча Токтоян, Тасма, Тогузбай айылдарында 4-октябрь шайлоо болуп өттү. Бардык жарандар өз добуштарын берип, бул шайлоодо эл камын ойлогон партия келет деген ишеничтерин айтышты.
Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурайым Исакова:
«Бүгүнкү шайлоо ийгиликтүү жүрүп атат. Келген шайлоочулар жакшы маанайда келип, өзүлөрүн тандаган партияларын шайлап кетип атышат. Эч кандай укук бузуулар болгон жок. Аппараттын баары иштеп жатат. Свет дагы өчкөн жок. Эгерде шарт ошондой боло турган болсо, бизди АСУ аппараты менен иштегендерди бир ай бою окутушкан, запастагы урна менен иштөөгө даярбыз. Кары- картаң адамдар бүктөп жиберип жатышат, аларга биз түшүндүрүп туура салуусуна көзөмөл болуудабыз».
Азат Көкүнбекова №3080 шайлоо участкасынын мүчөсү:
«Шайлоонун деңгээли жакшы. Жаңы талаптарга жооп берерлик. Свет өчүп калса генераторубуз бар».
Марлес Кожокеев айыл тургуну:
«Бүгүнкү шайлоо ойдогудай эле болуп атат. Аппараттар дагы иштеп атат. Биометрика боюнча өтпөй калгандар азыр бизге кайрыла элек. Андай дагы суроо болбой эле. Списоктон чыкпай калгандар да жок. Баардыгы жайында».
Карасаев айыл өкмөтү боюнча Токтоян, Тасма, Тогузбай айылдарында жалпы биригип, партияларды шайлаган шайлоочулардын саны:
Биримдик: 269
Мекенчил:121
Ыйман нуру: 65
Мекеним Кыргызстан: 110
Реформа: 4
Ата- Мекен 202
Замандаш: 31
Бүтүн Кыргызстан: 17
Социал Демократия: 7
Мекен ынтымагы: 31
Ордо: 1
Бир бол: 28
Республика: 73
Кыргызстан: 57
Чоң Казат: 59
Баарына каршы: 26
Бул жалпы Карасаев айыл өкмөтү боюнча Тасма, Тогузбай, Токтоян айылындарынын шайлаган шайлоочулардын жалпы добушу.
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева