Орок айыл аймагынын «Жал» Айылдык Ден соолук Комитети 15-ноябрда айыл тургундарына ден соолукка кам көрүү боюнча маалымат берди.
Нурбаева Жаңылкан Орок айыл аймагынын “Жал” АДК төрайымы:
“Бүгүнкү күндө биз АДКнин мүчөлөрү Орок айыл өкмөтүнүн элине Кыргызстан кан басымы оорусунан биринчи орунда экендигине байланыштуу ал оору кантип пайда болорун жана аны алдын- ала билүү керектигин айыл тургундарын кыдырып маалымат берип жатабыз. Негизи адам баласы төрт нерседен улам ооруга чалдыгат экен. Тамеки тарткандан, ичимдик ичкенден, туура эмес тамактануу жана кыймылсыз жашоодон. Үч чоң көчөнүн ар бир көчөсүндө 80-90 үйлөр бар. Биздин максат, ар көчөдөн ондон ашык адам чогултуп ден- соолукту туура караш керек боюнча маалымат берүү, бирок биздин айыл тургундарынын ушунчалык кызыгуусу аз болгондуктан араң келип жатышты. Маалымат учурунда элдердин сурагандары гумманитардык жана материалдык жардам болду. Тилекке каршы АДКти профилактикалык жумуштарды жана оорулар боюнча маалымат беребиз. Эл аз чогулса да баары тушүнүп, өз ден соолугу өзүнүн колунда өз убагында кам көрүү экендигин белгилешти. Мындан тышкары, айыл ичинде жүргөн маршруткаларга тамеки тартуу зыян деп эскертүү барактарын таратканбыз.
Ошондой эле айылыбызда тамеки менен арак таптакыр сатыкка чыгарбаган “Улан-Ыйман” дүкөнү да жашоочуларыбыздын ден соолугуна кам көрөт деп ойлойбуз. Анткени, арак ичүү адамдын үй- бүлөсүнө жана ден соолугуна чоң көйгөй жаратат. Дагы бир көйгөй, туура эмес тамактануу тез татым азыктардын пайда болушу жана дагы аз кыймылдоодон да оору пайда болот. Улгайган адамдар жумасына жок дегенде бир жолу таза абага чыгып машыгып, ал эми жаш балдар тынбай спорт менен алектениши керек”,-деп айтты.
Даярдагандар: Жибек Камчыбекова, Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков, Сыймык Смайлбеков, Гулайым Адылбек кызы