Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы шайлоо участкаларында шайлоого айыл эли активдүү катышышты
Айылдагы 43 кесиптик лицейдеги 7271 шайлоо участкасында, келген шайлоочулар санитардык талапты так аткарып, аралыкты сактап, кезекке туруп киришти. Эшиктин кире бериш босогосунда колдоруна антисептик чачылып, дене табы текшерилип, беткабы жок келгендерге беткаптар таратылды. Айылда жашаган майып жарандарга , өзү басып келе албаган кары картаңдарга атайын унаалар жиберилди.
Ата-Мекен партиясынын үгүтчүсү Динара Абакова төмөнкүчө жооп берди;
«Менин байкаганым бул шайлоодо мурдагы шайлоолордон өзгөчөлөнүп, Форма 2 менен келген адамдардын саны көп болду. Биздин айылда мурда көрбөгөн адамдарды маршруткалар менен саат сайын белгисиз адамдар ташып келип жатышты. Алардан сураганымда Жаңы-Пахта,Төмөнкү-Чүй, жана башка кошуна айылдардан келишкендигин айтышты. Бирок баардык байкоочулар, үгүтчүлөр өз ара биримдикте, ынтымакта бололу деген ойдобуз»
Шайлоого келген айыл тургуну Айнагул Жусупова:
«Бүгүнкү шайлоо өтөт, айыл эли биз эртең бири бирибиз менен чай ичише турган адамдарбыз. Ар бир адам өз көңүлү менен шайлаш керек. Эгер акчага добушун саткан болсо, балдарынын келечегин сатканы. Мен негизи андай адамдарды түшүнө албаймын. Мага таң калыштуусу, кошуна айылга конокко келгенде дагы Форма-2 менен келип кетип калганбызбы? «-дейт.
Ар бир участокто милиция бөлүмүнөн тартип сакчылары турушту. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Кечки саат 20-оо до шайлоо участогунун эшиги жабылды. Шайлоо айылыбыздын ар бир участокторунда эч кандай чыр чатаксыз тынч өттү.
Турсун Омуралиева